Домой Коом Тимур Саралаев: “Кийинки рейс менен 5 айдан жогору кош бойлуу айымдар жана...

Тимур Саралаев: “Кийинки рейс менен 5 айдан жогору кош бойлуу айымдар жана 2 жашка чейинки жаш баласы барлар гана уча алат”

195

17-майда кыргыз элчилиги тарабынан уюшулган чартердик рейс менен Россиядан учуп келген кыргыз жарандарынын тизмеси талкуу жаратты, мекенине кайтып жаткандардын тизмеси кылдат текшерилип, жардамга чыныгы муктаж болгондор биринчи көмөк алуусу керектиги айтылууда. Жогорудагыдай инцидентти кайра  болтурбоо максатында кийинки рейске жалаң гана “5 айдан жогору кош бойлуу айымдар жана 2 жашка чейинки жаш баласы барлар гана уча алат”-деп билдирди кыргыз элчилигинин өкүлү Тимур Саралаев.

“Калган бойдок кыздар, 2 жаштан чонураак балдары бар эже-карындаштар да кете албайт. Россиядан Кыргызда “кыздын кырк чачы улук” демекчи, Москвадан Бишкеке боло турган рейске, бир да ЭРКЕК жаран отургузулбайт. Бул чечим учурдун талабы, буга биринчиден карапайым мигранттар макул жана коомдук уюмдар каршы эмес.
Бүгүн, Элчиликтин алдына келген эл элчинин ушул сунушун колдошту.

Эмки рейске 5 айдан жогору кош бойлу айымдар жана 2 жашка чейинки жаш баласы барлар гана уча алат.
Калган бойдок кыздар, 2 жаштан чонураак балдары бар эже-карындаштар да кете албайт.
Калгандар туруп тургула.
Жумушчу топтун ишинин координациясы толугу менен мага жүктөлдү.
Ошондуктан кетет элек, кирет элек, ооруп жатты эле, “срочный” деген сыяктуу сөздөр болсо, капа болбогула, күтүп тургула кийинки рейстерди”-дейт ал өз сөзүндө.

Булак: Багыт

Кыргызда кыздын чачы улук демекчи, Москвадан Бишкеке боло турган рейске, бир да ЭРКЕК жаран отургузулбайт. Бул чечим учурдун талабы, буга биринчиден карапайым мигранттар макул жана коомдук уюмдар каршы эмес. Бугун, Элчиликтин алдына келген Эл Элчинин ушул сунушун колдошту. Эмки рейске 5 айдан жогору кош бойлу айымдар жана 2 жашка чейинки жаш баласы барлар гана уча алат. Калган бойдок кыздар, 2 жаштан чонураак балдары бар эже-карындаштар да кете албайт. Калгандар туруп тургула. Жумушчу топтун ишинин координациясы толугу менен мага жуктолду. Ошондуктан кетет элек, кирет элек, ооруп жатты эле, "срочный" ж.б.ж.у.с., создор болсо, капа болбогула, кутуп тургула кийинки рейстерди.

Опубликовано Тимуром Саралаевым Понедельник, 18 мая 2020 г.