Тышкы иштер министрилигинин мурунку орун басары Аскар Бешимов мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду күнөөлөөгө жеке кызыкчылыгы барбы? Мындай болжолдоону ЖЭБди модернизаиялоо боюнча кечээки сот отурумунун жыйынтыгы менен С.Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов келтиргендигин “Апрель” сайты жазып чыкты.
Токтакуновдун айтымында, ЖЭБ боюнча суралган жүздөгөн күбөлөрдүн ичинен Сапар Исаковду күнөлөгөн көрсөтмө берген 3-4 адам бар. Алардын ичине тышкы иштер министрлигинин мурунку орун басары Аскар Бешимов да кирет.
Адвокаттын белгилегенине караганда, мурда Сапар Исаков Аскар Бешимов Малайзиянын элчиси болуп турганда анын каржылык-чарба иштеринен бир топ мыйзам бузууларды тапкан.
Бул иш боюнча УКМКнын катышуусу менен атайын комиссиянын чечими бар экендигин жана андан кийин Бешимовдун дипломатиялык карьерасына чек коюлгандыгын Токтакунов билдирген.
Аryba.kg