Домой Саясат Тилек ЖАНЫБЕКОВ, эксперт: “Казак бийлиги Атамбаевдин сөзүнөн жыйынтык чыгарышы керек”

Тилек ЖАНЫБЕКОВ, эксперт: “Казак бийлиги Атамбаевдин сөзүнөн жыйынтык чыгарышы керек”

60

              pic_12ba7cbe4ebd97d434f473fe7b8f0a9d

 Президент Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы шайлоого “башын тыгып” жатканына катуу жооп кылды. Бул билдирүү дүйнө коомчулугунда кандай кабыл алынышы мүмкүн?

          Эми бул маселе дүйнө коомчулугу үчүн анча деле кызык эмес. Негизи Назарбаевдин Атамбаевге “артын” сала баштаганына бир нече себептерди божомолдойт элем. Биринчиден, Кыргызстан акыркы жылдары көз карандысыздыгын бекемдеп, коңшу өлкөлөргө чөгөлөбөй калды. Биздин президент Россия жетекчилиги менен тең ата сүйлөшүп, Назарбаев эли үчүн чечип бере албаган маселелерди чечүүдө.

Экинчиден, Атамбаев менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин жылуу мамилесин айтсак болот. Казакстан тымызын Өзбекстан менен тирешип, Борбор Азияда лидерликти талашып келет. Атамбаев болсо өзбек президентинин да тилин тапты, чек араларды ачты. Бул албетте, Назарбаев үчүн жагымсыз. Ал ага буга чейинки кыргыз президенттердей ийилген жок. Эми өзүнүн сөзүнөн чыкпаган Өмүрбек Бабановду колдоого алууда. Бирок, Атамбаев тарабынан татыктуу жообун алды. Эми андан жыйынтык чыгарыш керек.

          Ошол эле учурда айрым кыргызстандыктар казак тарапка тартып, президентти сынга алууда. Булардын аракетин кандай баалайсыз?

           pere prend un viagra et baise sa fille. Бул адамдар Кыргызстан үчүн эч качан туруп бербейт. Ар бир коомдо ушундай катмар болот. Аларга көңүл буруштун деле кереги жок. Президентти өлкө ичинде сындасак болот, бирок маселе эл аралык аренага чыкканда ар бирибиз өз өлкөбүздүн намысы үчүн мамлекет башчысы ким болбосун аны колдошубуз, коргошубуз керек.