Улгайган адам өзүн өлтүрүүгө келишерин күн мурунтан билген эле. Милициянын мурдагы кызматкери баш кесерлердин алдынан жай тосуп чыгат. «Карып калган киши турбайбы!» — деп жиберет согушкерлердин бири. Бир нерселерди айтымыш болуп узап кетишет. Чачын бубак баскан кишини өлтүрүүгө алар даай алышпаптыр.
Адегенде тарыхтан баян салалы. 90-жылдардын башында Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов өлкөсүндөгү исламчыл уюмдардын бардыгын куугунтукка алат. Ага каршы баш көтөргөндөр Афганистанга качып чыгат. Бир топ жыл согушкерлердин лагерлеринде машыгып, алар өзбек лидеринен өч алууга кам көрүшкөн.
1996-жылы Өзбекстан ислам кыймылы түзүлгөн. Алар эл аралык террорчул уюмдардын эсебинен кенен-кесир каржыланган. Ал тургай, «Аль-Каиданын» маркум кол башчысы Усама бен-Ладен да бул согушкерлерди акча менен жабдыган деген аңыздар бар. Баткенди басып кирерден мурун алар бир нече миллион доллар жардам алышкан.
Согушкерлердин кол башчылары ансыз да ички көйгөйүнөн жүдөп турган өлкө бөлөк бирөөлөрдүн күрөшүнө кийлигишпейт деп болжогон. Чакан республика алар басып киргенден алты күн мурун ого бетер чабалдай түшөт, себеби ал жактан россиялык чек арачылар чыгарылган болчу.
Исламчылар расмий Бишкектин алардын талабын четке какканына абдан таң калышса керек. Баткен облусуна өкмөттүн күчтөрү тартыла баштаган…
…Зардалы аттуу кыргыз кыштагын каргаша 1999-жылдын 23-июлунда баскан. Адегенде жергиликтүү тургундар исламчыл согушкерлерге чын ыкластан мамиле кылышкан эле, себеби алар ун жана койду жүз долларлык купюраларга сатып ала башташкан.
Бирок бийлик өкүлдөрүн согушкерлер эч аяган эмес. Басып кирген күнү эле кыргызстандык аскерлер чоң катачылык кетирет, эки подполковник, атайын кызматтын өкүлү, ошондой эле Баткен районунун акими барымтага алынат.
Эртеси күнү бандиттер алардын айткандары оюн эмес экенин ишарат кылышат. Штабга алардын колундагы полковниктердин бири бутун сүйрөп басып келет. Биздин аскерлерге жетери менен ал эс-учун жогото кулайт. Мазактагысы келген согушкерлер ага жыртык спорттук бут кийим, самсаалаган кийимдерди кийгизишкен. Ошондой ырайы менен капчыгайды аралай ал 20 чакырым жол баскан экен.
Барымтадан коё берилген ал кишинин колундагы катта эгер террорчулар каалаганын албаса, туткундагылардын баарынын башын кесип, атка жүктөп жиберишери жазылган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кундун өлчөмүн 200 миңден 50 миңге дейре түшүрүшөт. Акча Зардалыга алынып келет. Эми кой менен унду террорчулардын лагерине ким жеткирет деген маселе жаралат.
Акмурза Тагаев бүт айылды топтоп: «Биздин балдарды бошотуу үчүн согушкерлерге кой, ун жеткирүү керк. Дароо эскертейин, бул өтө кооптуу иш. 10 киши зарыл» дейт. Анын чакырыгына зардалылык 50 ыктыярчы үн кошот, бул кыштактын дээрлик бардык эркеги эле. Азык-түлүктү эшектерге жүктөшөт. Кербен акырын тоо тарапты көздөй бет алат…
Террорчулардын лагерине жетери менен айыл башчысына автомат такашат. Согушкерлер акчанын арасынан бир эле жасалма купюра табылса, башы кетерин эскертишет.
Кийинки окуялар акылга сыйгыс нукта уланган. Бир топ күн бою кыргыз армиясы миномёт жана тик учак менен каршылаштардын лагери жайгашкан болушу мүмкүн деген жерлерди аткылашат. Андан кийин жогорку аскер өкүлдөрү ошол кездеги президент Акаевге түштүк аймагы террорчулардан толук куткарылды деген рапорт берген. Албетте, жергиликтүү тургундар да, биздин аскерлердин көпчүлүгү да согушкерлер эч кайда кетпегенин, болгону тоолордо жашынып алышканын билишкен. Эл согушкерлерден чочулап, жоокерлерден аймактан кетпөөсүн өтүнүшкөн.
Бирок 20-августта кыргыз аскерлери Баткен облусунун тоолорунан кете баштаган, эртеси эле согушкерлер биздин айылды басып кирет. Бул катачылыгы үчүн ал убактагы коргоо министри Мырзакан Субанов дароо кызматтан алынган.
Согушкерлер туткундалган милиционердин формасын чечип, тамтыгы кеткен кийимди кийгизип: «Сен биздин кулубуз болосуң. Бар, суу алып кел!» – деп буюрушат. Ошондо кыргызстандык милиционер түздөнө баскынчылардын көзүнө тике карап: «Силердей айбандарга кул болбойм! Эч качан! Мен өз өлкөмө ант бергем!» – дейт.
Милициянын жаш кызматкерин аёосуз жазалашкан, артынан башын алууга аракет кылышат. Жаны үзүлө электе аны көмкөрөсүнөн чуңкурга ташташат. Согушкерлердин бири аны атып салмайынча, бир топко чейин жаны аябай кыйналган экен. Касымбектин сөөгү Баткен коогалаңынан бир нече айдан кийин табылды…
Террорчулар жаңы тартип киргизип, штабы катары жергиликтүү мечитти ээлешкен. Мындан ары ар бир тургун намазга жыгылсын деп буйрук беришкен. Зардалынын жашоочулары айрымдар сүрөөлөрдү билбегени байкалып калбасын деп чочулай, өздөрүн анык мусулмандай көрсөтүүгө тырышканын эстешет.
Ошондой эле коменданттык саат киргизилген: күүгүм тарткандан баштап үйдөн чыгууга тыюу салынган. Согушкерлердин кол башчысы дароо эле Зардалынын жаш тургундарына айылдан чыгып кетишин буюрган. Бул буйругу менен ал калкка кам көрүп жаткандай көрүнгүсү келгенин айтышат күбөлөр.
24-августта өкмөттүк күчтөр кайрадан Баткендин капчыгайларына кайтат. Аскерлердин аракетинен майнап чыкпайт. Генералдын өзү колго түшөт! Анарбек Шамкеев япон геологдорунун лагерине барат. Алардын спутник байланышы бар экенин билген, андай техника биздин аскерлердин түшүнө да кире элек кез. Экстремисттер кол салган убакта унаада Шамкеев айдоочусу, байланышчы менен бирге эле.
Кол салгандарды генерал Шамкеев гана кызыктырган, байланышчыны дароо атып салышкан. Айдоочуну бир Кудай сактаган. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда ал машинанын алдына кире качып, алдына жармаша жашынып калат. Бандиттер автомат менен жерди аткылай, баалуу туткунду кармап, тез эле из жашырышкан…
Генералды Япониядан келген төрт геолог менен бирге кармашкан. Төрт күндөн соң дагы 9 милиционерди туткунга алышкан. Барымтадагыларды исламчылар дегеле аяшкан эмес…
Жаңыбай Кадыров ошол туткундардын арасында болгон. Мурдагы милиционер исламчылардын колунда 56 күн жүргөнүн айтып берди.
Исламчылар бардыгын, ал тургай, япондорду да намазга жыгылууга мажбурлаган. Туткунда калган жараныбыз согушкерлердин өздөрү да дин боюнча көп талашып-тартышканын эстейт, айтымында, алар исламдын ар кандай агымын карманышкан. Баса, алардын ортосунда улуттар аралык жаңжал да улам тутанып турган.
Бара-бара туткундагыларга өлкөдө алардын тагдыры эч кимди түйшөлтпөгөндөй туюлчу болгон. Убакыт узаргандан узарат. Артынан издеп, куткарууга келишеринен түңүлө башташкан. Ошол убакта барымтадагыларды куткаруу үчүн бийлик аргасы түгөнө жол издеп жатканынан алардын кайдан кабары болсун?
Аэропортто жогорку даражалуу жүргүнчүлөрдү Jeep унаалары менен пулемётчон кишилер тосуп алды. Ар бурчта кара желектер желбирейт. Кечке маал кыргызстандык депутат жайгашкан мейманкананы кишилер тегеректей, аны менен Өзбекстан ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев жолугууну каалаганын айтышат.
Сүйлөшүүлөр он күндөй жүрөт. Исламчылардын лидери кайра эле аткарууга мүмкүн болбогон — террорчуларды Өзбекстанга өткөрүү талабын коёт. Он күнгө созулган сүйлөшүүлөр кайрадан туңгуюкка такалат.
Качып чыгууга мүмкүн эмес эле, депутатты катуу кайтарышкан. Мекендешибизди Япониядагы журналисттер куткарган. Алар террорчулардын колунда төрт геолог чалгынчы туткунда экенин байма-бай чагылдырып турушкан. Алардын макалаларынан улам Өзбекстан авиациясы Кыргызстандан узаган. Ошентип Турсунбай Бакир уулу да Афганистандан аман чыгат.
Кыргыз ЖМКлары Япония өкмөтү согушкерлерге 5 миллион АКШ долларын төлөп берүүгө макул болгонун жазышкан. Ошентсе да расмий Токио бул маалымат боюнча ак же көк деген да эмес.
Шай оодарган сүйлөшүүлөрдөн кийин Тахир Юлдашев беш туткунду бошотууга макул болгон. Турсунбай Бакир уулу туткундар кармалып турган Баткенге жөнөйт.
Генералдын өтүнүчү президент Акаевдин биринчи кезекте жогорку даражадагы аткаминер жана чет өлкөлүктөрдү куткаруу талабына карабастан, аткарылган жок. Турсунбай Бакир уулу өз алдынча чечим кабыл алат. «Маанилүү» туткундар куткарылгандан кийин карапайым милиционерлер унуткарыларын билген. Ошентип барымтадагылардын баары бошотулган.
Ушул күнгө дейре аларды куткарууга бөлүнгөн япон өкмөтүнүн 5 миллион доллары тууралуу ар кыл божомолдор айтылат. Согушкерлерге акча жеткен эмес деген да аңыздар жок эмес, жогорку даражадагы аткаминерлердин бири ал акчаны энчилеп алган имиш.
Туткунга алынгандар күздүн орто ченинде, тагыраагы, 19-октябрда бошотулган. Ошол эле убакта жай бою согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда аёосуз согуш жүргөн.
Кыргыз кыштагындагы кандуу окуя. Кечирилгис катанын чоо-жайы
Алты жашар Урмат Абдилазиздин эң сүймөнчүк кызы эле. Ал кулпуну оңдоону улантат… Күтүүсүздөн жарылуу болуп, Абдилазиздин кулагы туна түшөт. Дендароо абалда бозала чаң болгон жүзүн жууганы арыкка жетет. Бирок суу негедир кызгылтым түстө эле…
Эки жагын карап, көргөн көзүнө ишене албады: өзүнөн бир нече метр нары жакта таанылгыс болуп калган эки адамдын сөөгү жатат. Бул жубайы менен кызы эле…
Абдилазиз эс-учун билбей эле жакындарына ашыгып барды, бирок кеч болуп калыптыр, эбак жан беришкен экен. Алардын сөөгүн жерден аяр ала үйгө жакын көтөрүп барды. Кайдагы үй, анын деле урандысы калыптыр. Кызы менен аялынын сөөгүн кийизге оройт.
Абдилазиз бир убакта калган чүрпөлөрү карап турганын байкады. Үйүн бомбалап кеткен учак кайра кайтышы ыктымал деген ойдон чочулап, үч баласын көтөрө, айылдан качып жөнөйт.
Эки баласын колуна алып, үчүнчүсүн – эң кенжесин мойнуна отургузган. Тээтигинде, жардын боорунан ага милиционерлер кол булгалайт.
Учактын күүсүн кулагы чалат. Абдулазиз далдоого чейин чуркап жете албасын аңдайт. Ошондо балдарын жерге жаткыра, аларды өз денеси менен калкалайт…
Учак алыстаган маалда кенже баласын куткарууга чуркаган жанагы милиционердин курсагы жарылганын көрөт…
Биздин армия абдан кыйналды. Президент Аскар Акаев Кыргызстанды армиясыз, «экинчи Швейцарияга» айлантарын кайра-кайра кайталачу. Депутаттар трибунадан аскер күчтөрүнө кеткен чыгымды кыскартуу демилгесин улам көтөрүп калышчу. Анда Кыргызстандын башына Баткен окуясындай мүшкүл түшпөчүдөй туюлчу.
Мунун баары барып-барып армиябызга таасир этти, ал андай коогалаңды жөнгө салууга таптакыр даяр эмес экен. Мамлекет жадагалса, жоокерлерин тамак-аш менен камсыздай алган эмес.
Тамеки чыгаруучу бир ишкана Баткенге аябай көп тамеки жөнөткөнү туурасында да кеп жүргөн. Болгону ал белек белгисиз себептер менен жоокерлерге жетпей эле жергиликтүү дүкөнчүлөрдүн текчелеринде сатыла баштаган…
Көптөгөн тажрыйбалуу аскер кызматкерлери өз кесиптештеринин кесипкөйлүктөн артта калганын белгилешет. Бир тобу погондорун «тааныш-билиштик» менен алгандыктан, аскердик аракеттер эмне экенин билбегендер да болгон. Офицерлердин көбү өмүрүндө колуна курал кармап көрбөгөндөр эле.
Баткен окуясынын катышуучусу Чолпонбек Жээналиев офицерлердин алгачкы жыйынын унута элек.
Баткенге 4000 качкын барган, стадиондо жайгашууга аргасыз эле. Курал көтөрө чыккан ыктыярчылардын — Афганистан согушунун ардагерлери, аңчылар, спортчулардын саны арбыган.
1999-жылдын 17-сентябрында согушкерлер катуу чабуулга өткөн. 150 чакты исламчы Сырт блокпостуна кол салган, аларга болгону 30 жоокер, сержанттар каршылык көрсөткөн. Ошол салгылашта 20 согушкерди, эң башкысы, алардын ичинде кыргыз жоокерлери өзгөчө кооптуу террорчу Абдували Юлдашевди жок кылышкан.
Криминалдык чөйрөдө ал «Манжасыз Абдулазиз» деген каймана ат менен таанылган, согушкердин үч манжасы жок эле. Мекени Өзбекстанда ал эки милиционерди өлтүргөндүгү үчүн бир топ жылдан бери издөөдө жүргөн. Абдували өзбек абактарында анын атасы, жубайы, бир туугандары жазасын өтөп жатышканын сыймык менен айтчу.
Бирок ошол жеңиш жети кыргызстандыктын өмүрүн алды. Учкуч, полковник Сергей Соломатов ошол күндөрү согуш майданынан окко учкандардын сөөгүн ташыган. «Жүк-200» менен тик учак бир калктуу пункттан экинчисине жетүүгө далбастаганын унутпайт, чоң муздаткычы бар морго табылбай коёт…
Кыргыз жоокерлерине авиация жардамга келген. Бара-бара согушкерлер күчтөн тая баштаган. Айыгышкыс салгылашууга карабастан, басып алган айылдардын улам бирин таштап кете башташкан.
22-ноябрда мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнүн түштүгү куткарылганын жар салган.
Бир жылдан кийин Кыргызстанда кырдаал таң каларлык багытта өзгөрө баштаган. Армияга көбүрөөк көңүл бурулуп, өлкө президенти Аскар Акаев аскердик окууларга өзү катышкан. 1999-жылдын күзүндө республиканын түштүгүндө чек арачылар пайда болгон. Алардын баары бекер коюлбаптыр…
Августтун башында кыргыз-тажик чек арасынын аймагына жүздөгөн согушкерлер агыла баштайт. 11-августта кичинекей Мазар калктуу пунктунда салгылашуу башталган.
Жүз чакты экстремист кыргызстандык блокпостко кол салат. Согушкерлер жоокерлерди капыстан басып, ырайымсыздык менен өлтүрүшкөн.
Бирок көп өтпөй өч алышты. Адегенде согушкерлердин тобу капитан Петр Жарковго кабылат. Кыргызстандык чек арачылар аларга дароо ок ачат. Александр Тарандын тобу менен бирге биздин жоокерлер исламчыларга граната ыргытышат. Аскерлерге атайын багыттагы «Скорпион» көмөккө келген.
Кийинчерээк согуш талаасынан ондогон согушкерлердин сөөгүн эсептеп чыгышкан. Кыргызстан тараптан 15 киши набыт болгон. Бир апта аралыгында экстремисттер өлкөнүн булуң-бурчуна сүңгүүгө аракет кылган, бирок биздин аскердик күчтөр алардын мизин кайтарган.
Сан-Францискодон келген төрт жаш альпинист Баткенге туристтик жолдомо менен келишкен. Алар эң кооптуу маалда келип, тоого да коштоочусуз чыгышат. Террорчулар үч жаш жигитти, бир турист кызды көрүп калып, аларды аткылап жатып ылдый түшүрүшкөн.
Чет элдиктерди туткунга алуу согушкерлерге жага бербей калган, ири өлчөмдө кун талап кылууга болмок да. Бирок колго түшкөн альпинисттер өздөрү качып кутулган. Алардын баяны боюнча китеп жазылып, тасма тартылган. Туткундан бошонгон туристтер согушкерлердин бирин жардан ары түртө качышканын баяндашкан.
Ошондой болгону менен күзгө жуук алар алсыздана түшкөн. Согушкерлер үч тарапка каршылык көрсөтүүгө аргасыз болушкан, аларды бир убакта кыргыз, өзбек жана тажик аскердик күчтөрү кысымга алган. Согушкерлерде жоготуу көп болуп, дары-дармек, азык-түлүк жана ок-дарынын тартыштыгы чыгат.
ӨИК жол башчысы Тахир Юлдашевдин катуу жарадар болгону боюнча имиштер айтыла баштаган. Кийинчерээк Юлдашев талибдерге кошулуп кеткен. Террорист андан туура он жылдан кийин, тагыраагы, 2009-жылы гана америкалык учкучсуз учактын ракеталык соккусуна кабылып каза тапкан.
Ал окуяларга катар эле Кыргызстанда аскердик күчтөр аймакты согушкерлерден арылтууну уланткан. Көктө тик учактар айланып, экстремисттер жайгашкан жерлерди бомбалашкан. Өкмөттүк күчтөргө жергиликтүү тургундар жардамын аяшкан эмес.
43 жаштагы чабан Абдыбек Чыналиевдин баяны да кеп кылууга арзыйт. Түн бир оокумда анын үйүнө жети согушкер кирип келет. Чыналиев коркуу сезимин жеңип, чакырылбаган конокторду дасторконго чакырат. Кой союп, казан кайнатат.
Кызыгы, согушкерлер кан майдандан дайым окко учкан санаалаштарын алып кетүүгө тырышышкан. Балким, аларды шарият боюнча жерге берүүнү каалашкандыр, мүмкүн жөн гана аларды жүздөрүнөн таанып калышат дешкен чыгар.
Өкмөттүк күчтөрдүн багына аба ырайы да жардамга келген. Күзүндө ак кар чулганган Баткен тоолоруна киши чыга алгыс болуп калат. 4-октябрда командачылык аскердик күчтөрдүн чыгарылганын жарыялайт…
Эки жолку баскында 54 кыргызстандык набыт болгон. Кеминде 64 согушкер жок кылынган, так саны, албетте, эч кимге белгисиз. Жашоо өз нугунда уланууда. Коркунуч эмне экенин элестете да албаган жаңы муун чоңоюуда…