Домой Саясат Теңчилик качан болот?

Теңчилик качан болот?

155

Мунун тамыры тереңде жатат. Биздегидей “теңчиликти”дүйнө кыдырып табалбайсың. Жалаң гана байлардын арыгын чапмайга өтүп алдык. Серепчиси деле, жыртаңбай жазмакери деле ошол көпөстөрдүн этегине намазын окуп, ыргыткан “сөөгүн” лып эттире асмандан тосуп алууга маш. Ушунчалык кошоматтыкты мурда, кийин көрбөптүрбүз. Аксакалы конокко чакырылганына сүйүнүп, тартылган устуканга маашырланып, сүткорго ак батасын берүүдөн тартынбайт. Жашы деле улуусунан кем калышпай жагалданууга биротоло өтүп алганына жаның кашайганы менен балээ да колуңдан келбейт.

Теңсиздик заманда жашап жатканыбызды айтсак эле бийликтегилерге жага бербей калат? “Кумтөрдүн” алтыны болсо элге пайдасын тийгизбей калганы боюнча отуз жылдан бери сайрап келатабыз. Тилекке каршы андан эч кандай майнап чыккан жок. Азыркы күндө деле “доляга” татыктуу болуп калгандар өз үлүштөрүн жашылбайлар менен алышат. Ким билет, балким алар митаамдык кылып ошол үлүшүн Швециядагы банкка котортуп алгандыр? Андай жосунсуз жолго түшүп алары деле калетсиз. Себеби, акчаны “ырымдоо” боюнча толгон-токой күмөндүү жолдор бар турбайбы?

Маселен, кезинде үлкөн кызматта жүргөн улуу урматтуу пенсионерлер алда качан эле бала-чакасына, неберелерине банктардан эсеп ачып коюшкан. Бирок, муну күч түзүмдөрү билсе да үн катпоого “ант” берген. Өз шыбагасын алып турганы үчүн булардын тили буулган бойдон турат.

Айтор, будуң чаңга аралашып, кедери кеткен мамлекеттин кадамдарына ишенбөөчүлүк пайда болду. Кетсин деген “ураандар” айтыла берип тилдер тешилди. Кашаң өкмөт жылдын аягына чейин иштейт окшойт сыягы. Анткени аларды кетирген менен пайда жок. Баарынан дагы чек арада болгон чатактардын деми суубаганы карапайым элди ойго салып турганы да чын. Ал тургай тажик чек арачылары биздин жарандын короосуна келип, бак тикпе деп башкарып жатканы кайсыл логикага сыят? Мааниси жок эки тараптын жолугушууларынан да чек аранын тургундары жадап калышты. Бири-бирине төңкөмөйдү үйрөнгөн жетекчилердин бир эле “көзүр картасы” бар колунда. Алар акимдерге, айыл өкмөттөрүнө асылып кутулуп кетүүгө ынтызар. Ал эми тил уккандардын болсо колунда же жарытарлык тыйыны жок, же элдин ишенимине кирүүгө дымагы жок болуп туру. Анан кайдагы өнүктүрүү, чек арада жылыш болсун?

Касы жерге мурдуңду салба, “Мамайдын көрүнө” туш келесиң. Ыйкы-тыйкы кылган маселеден четте калуу мүмкүн эмес. Кен казуу тармагында, логистикалык борборду курууда, талашта калган жерлерди эпке келтирүүдө, шайлоо тууралуу ар кандай пикир келишпестиктер коомчулукта орун алган. Эмнеси болсо да теңчилик замандын келишине күмөнсүнүү омуртканы сыздатат. Бир жагынан таажы вирусунун коркунучу ого бетер бушайманга салууда. Айрыкча байлыгынан улам тынчы кеткен байбачалар элеңдеп эси ооп турган кези. Жай турмуштагы пенделер болсо элдин башына салганды көрөбүз да деген кыязда оокатын өткөрүп жатат. Негизи кыргыздар эчен кыйынчылыктарды эрки менен жеңип келген. Бул ирет да сабырдуулугу аркылуу мамлекетке тирек болуп берет. Атаганат, бир кезде теңчилик орноп калмайы бардыр? Көп эле кыжаалат боло бербейличи…

Булак: Ачык сөз