Домой Саясат Темирлан Султанбеков: Мен мэрияга кызматка орношкон жокмун. Мага чоӊ кызматтарды сунушташкан…

Темирлан Султанбеков: Мен мэрияга кызматка орношкон жокмун. Мага чоӊ кызматтарды сунушташкан…

144

Темирлан Султанбеков мэрияга жумушка орношкону боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды:

 -Бүгүн мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладык. Биз элдин жыргалчылыгы үчүн ар кандай жардамды берүүгө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче даярбыз. Журналисттер «Мэрияга жумушка орноштуңузбу?» деп чалып жатышат. Менин жообум жок. Мага чоң кызматтарды сунушташкан, бирок мен баш тарткам. Парламенттик шайлоого даярданып жатам, бирок элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берүүгө даярмын.