Домой Коом Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кеңешчиси болду

Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кеңешчиси болду

162
“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кеңешчиси болду. Бул тууралуу Жамалбек Ырсалиеы Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болоорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок, ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз..” – деп жазган Жамалбек Ырсалиев.