Биз бийликти мыйзам чегинде иштөөгө аргасыз кылышыбыз керек. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазды.
Буга чейин Темирлан Султанбеков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иште президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.
Жаш саясатчынын айтымында, акыркы эки күндөн бери көп сандаган чалуулар болуп, өлкөнүн булуң-бурчунан ага колдоо сөзүн айткандар болууда.
«Мен колдооңорду сезип жатам жана меники туура экенин түшүнөм, бул мага алдыга жылууга кубат берүүдө! 7-8-августтагы окуялардан кийин мен эч кайда качкан жокмун, анткени мыйзамга туура келбеген иш кылган эмесмин. Дагы 20 күндөй Кыргызстанда жүрдүм, таң аткандан түн киргенге чейин ооруканаларды, үйлөрдү кыдырып, август окуяларында жаракат алгандардан кабар алдым. Кой-Таш, Арашандын эли менен жолуктум. Сурактарга өз убагында барып, байланышуу номерлеримди калтырып жаттым. 31-август күнү акыркы төрт жылдагыдай эле, окуума байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеттим. Мен качкан жокмун. Мен өзүмдүн партиядагы жана саясий ишмердигимди мыйзам чегинде жүргүзүүнү уланта бермекчимин. Биз азыркы системаны талкалап, бийликти мыйзам менен иш алып барууга аргасыз кылышыбыз керек. Бул менин максатым жана ага чогуу жетебиз!», -дейт Султанбеков.
Булак: Апрель