Домой Коом Темир Сариев ячейкаларынан “уурдаган”, Балыкчы-Корумду жолунан “жеген” миллиондорунан бөлүшпөйбү?

Темир Сариев ячейкаларынан “уурдаган”, Балыкчы-Корумду жолунан “жеген” миллиондорунан бөлүшпөйбү?

325

Премьер-министр болуп турганда Кыргызстандын экономикасын 2 пайызга чейин төмөндөтүп, Балыкчы-Корумду жолунан акча жасай коем деп куулган Темир Сариевди көпчүлүк жакшы билет. Өзүн Кыргызстандагы кыйын экономист эсептегени менен практика жүзүндө өтө чабал экенин далилдеген. 4 жылдай экономика министри болуп турду, кыйратпады. Өлкөнү эч даярдыксыз, оор шарттар менен ЕАЭБге кошуп салгандардын башында турду. 2010-жылы ыңкылап менен келгенде эл астында берген антын аткарбады.

Темир Аргенбаевич акыркы күндөрү оюна келгенди оттоп, элге акыл айта баштады. Бир туруп “Кумтөрдү” сатыш керек деп куйтуланса, кайра сөзүнөн танып жатат.

Кыргызстандын экономикасы коронавирустан жабыркап турганда аны тикелөөнүн жолдорун сунуштагандын ордуна талкалоого шыкактап жатканы кандай? “Кумтөрдү” сатып жыл сайын түшө турган миллираддаган кирешелерден куржалак калтыргысы келеби? Анан дагы дыйкандарга берилип жаткан арзан насыяны билсе да аны кайра кайталап жатканы кандай? Чындып эле элге күйсө ушундай кыйын учурда 2010-жылы Бакиевдердин ячейкаларынан уурдаган, Балыкчы-Корумду жолунан “жеген” миллиондорунан бөлүшпөйбү?

Булак: Апрель