Telegram мессенджерине бир нече саатта эле 50 миллиондон ашык колдонуучу кошулду. Бул түндө IT-гиганттары өчүп калгандыгына байланыштуу. Анда дүйнө жүзү боюнча Facebook, Instagram жана WhatsApp иштен чыкты.
Ошондой эле, колдонуучулар Google, Twitter, TikTok сыяктуу сервистердин ишине арызданды. Кийин Facebook компаниясынын жетекчилиги жабдууларда бузуулар чыкканын моюндашты.