«Өмүрбек Чиркешович абакка кайра кайтарыла турган болсо иликтөө жүргүзүлөт. Телефонду кимден, кантип алганы боюнча түшүнүк кат алынып ошого жараша дисциплинардык чара колдонулат», — деди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков.
Өмүрбек Текебаев коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал тууралуу комментарий берип жатып өкмөт стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алышы керектигин билдирген. Ал буга мисал катары №47 абакта отурганда уюк телефондорун кантип катканын айтып берген. Анын сөзү боюнча, өзү колдонгон дары-дармек салынган кутунун ичине кичинекей телефондорду салып алган. ЖАМК кызматкерлери жумасына бир нече жолу кирип текшерип, телефонду таба албай кетишчү.