Темирлан Ормуков деген көзү азиз акын 2016-жылы Атамбаевге тийише калып куугунтук жегенде Ата Мекенчилер ушуну жылдызга айландырып, Сентябрь каналынан улам чыгарып турдук эле. Фейсбуктан дагы Атамбаевге каршы чыкканы үчүн «Сиз укмушсуз» деп мактачубуз

Темирлан Ормуков ким бирөөлөр айркылуу Ата Мекендин лидерлерине жолугууга сураныптыр. Ал учурда уже 2017-жылдын февралында Текебаев камалып кеткен. Ыраматылык Болот Шер » аны угуп ошол акынды көп угам куугунтук жеп атканын, мени менен жолуктурчу»-деп мага тапшырма берди. Мен Ормуковго байланышып, партиянын штабына жетелеп бардым Болот Шерге. Сүйлөшүп отурганда мен дагы чогуу отурдум. Болот Шер Темирлан Ормуковдон кыска-нуска «эмне жардам керек?»-деп сурады. Ормуков дароо эле «азиздер үчүн чыгарылган атайын бир кымбат телефондор бар, ошону сатып алайын деп акча болбой жатат»-деди. Акчаны түз сурай албай ушуну айттыбы билбейм, фейсбука жазып эле атчу. Болот Шер өзү айфондун эң кымбат, акыркы маркасын көтөрүп жүргөн. Ошол кезде баасы 100 000 сомго жакын турган телефонун жардамчысына «мобул телефонду тазалап бер, ушунда көзү азиздерге ылайыкталган тиркеме көчүрүп алса болот»-деп сунду. Ошону менен Ормуков «ырас болбодубу, кыйналып интернетке кире албай жаткам»-деп кубанган боюнча кетти телефонду улам кармалап.
Эми Темирлан Ормуков жөнү жок, мыйзамга дагы, моралдык жагына дагы каршы келбеген, тескерисинче адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн Садык Шердин мандат тапшыруусуна кычаштык менен каршы жүрдү. Ата Мекен, Садык Шер же Текебаев үчүн мандат маанилүү эмес, бул кишилер ММКлардан Жогорку Кеңештикинен эки эсе күчтүү трибуна уюштура алышат. Бирок, менин жеке таң калганым адамдын ушунчалык жийиркене турган сапаттары болот турганы болду. Темирлан Ормуковду аяп, айрым учурда соту тууралуу өзүм барып чагылдырчу элем. «Арак ичкенде кадимкидей көрүп калам, ошол үчүн көп ууртап коем»-деп бир айтканы эсимде. Арака акча жетпей атса мен деле берет элем Темирлан Ормуковго.
Эң башкысы аманчылык каалайм ал кишиге. Ормуковдун мандат боюнча Текебаевди сотко бергинине жаман көргөнүм жок. Анткени бул деле булганыч жол менен болсо да жашоо үчүн күрөшүп жүрөт да. Кептин баары бийликте бул жерде ар кимди алдап кары агыткан.
Автор: Жакшылык Бердибек уулу