Домой Азил Текебаевге таксисттен жооп

Текебаевге таксисттен жооп

39

Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” фракциясынын лидери бир жерден шашылыш чыгып, таксиге түшүп калыптыр. Таксинин айдоочусу машинасын от алдыруу үчүн бир топко убара болот. Алдыңкы жарыгын жандырып, астыңкы капотун ачып, өзүнчө эле убара болуп аткан таксистке жинденген Өмүке кыйкырып кое берди:
— Деги сени айдоочулукка ким үйрөткөн?! Минтип отурсак эч кайда жылбайбыз, жылчу болсок да кырсыкка учурап күм-жам болобуз!
— Коркунучтуу эчтеке жок, — деп жооп берди кебелбеген айдоочу. –Мына силер деле канча жылдан бери бизди ушинтип башкарып келатасыңар. Өлгөн жерибиз жок го – деп өз ишин уланта берген экен.