donde comprar cialis generico.
Абактагы «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин коррупционер, паракор эмес экенине анын адвокаттары да ишене албай калышыптыр. Маселен, буга чейин Текебаевди коргоп келген адвокат Искен Афиджанов анын сотуна катышпай, «Фейсбуктагы» баракчасына президенттикке талапкер Темир Сариевди онлайн көрсөтүп жүрөт. Ал эми Ө. Текебаев тууралуу акыркы учурларда таптакыр ооз ачпай да калды.
Анын мындай кадамга барышына эмне себеп болушу мүмкүн? Анын жакын сырдаштарына төккөн сырына караганда, буга чейин Текебаевдин россиялык ишкерлерден 1 миллион доллар алганына Афиджанов чындап ишенбей жүргөн экен. Анан сот процесстеринин биринде Текебаевдин айдоочусу күбө катары келип, көрсөтмө берип атканда, прокурор: «Сиз ошол 13-май күнү Текебаев менен «Супарага» барганыңызды эстейсизби?» деген суроо бергенде башкы «атамекенчи» темир тордун ичинен: «Сен акмак былжыраба, сени камаш керек» деп эле опурулуп, туталанып кирген. Эмнеге анын мынчалык туталанып кеткенине сот залында отурган Текебаевдин тарапташтары да таң калган. Афиджанов да кандайдыр бир күмөн ойдо калган.
Ошондон бери карай Текебаевдин сотуна басып баргысы келбей жүрү дешет, аны жакындан тааныгандар. Коррупционер, паракорду ким коргогон менен баары бир коррупционер жана паракор боюнча калат эмеспи.