Домой Саясат Текебаевдин пара алганын Өмүрбек Абдырахманов баш болгон күбөлөр тастыктады

Текебаевдин пара алганын Өмүрбек Абдырахманов баш болгон күбөлөр тастыктады

60

 

Omurbek-Abdrahmanov

 

Россиялык ишкерден 1 млн. доллар пара алган деген шек менен кылмыш иши козголуп, учурда сот иши жүрүп жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун сот иши уланууда. 28-июнда күбөлөр көрсөтмө берип, Текебаевдин пара алганын дагы бир ирет тастыктады.

Россия жараны Алексей Модин 300 миң долларды Текебаевдин өкүлү Талант Маматкеримовго бергенин дагы бир ирет тастыктаса, күбө катары сурак берген Руслан Оңолбеков Модиндин Талант Маматкеримовго акча бергенин билдирди. “Алексей Модин “Скай Мобайл” компаниясынын директору болуп турган. Мен компанияда иштегем. Ал эми Талант Маматкеримов менен 1980-жылдан бери тааныш элем, чогуу окуганбыз. Аны Модин менен мен тааныштыргам. Модин “Мегакомго” директор болуу кыялы бар экенин баарына эле айтып жүргөн. Анда инвестор тааныштары да болгон жана кимдир-бирөөлөргө 500 миң евро берген. Тактап айтканда Талант Маматкеримовго бул акчаны берген. Ал кимге бергенин так билбеймин”, — дейт ал.

Руслан Оңолбеков Леонид Маевский менен 2010-жылы Модин юридикалык справка даярдап берүүнү өтүнгөндө таанышканын айтат. “Менин Текебаев менен тааныштыгым жок. Маматкеримов “Алтынкен” ЖЧКсынын директорунун орун басары болуп турганда мени Чотонов менен тааныштырган. 500 миң евронын таржымалына кызыккан деле эмесмин. Ошол учурда Модин менен Маевксий “Мегакомго” кызыгып, бири аны сатып алууну, бири ага директор болууга кызыккан. 1 млн. доллар боюнча кабарды маалымат каражаттары аркылуу уктум. Мен 1 млн. же 300 миң доллар тууралуу уккан эмесмин, 500 миң евро боюнча кабарым бар”, — дейт ал.

Ал эми сотто дагы бир көрсөтмө берген күбө,  мурдагы “ата мекенчи” депутат Өмүрбек Абдрахманов дагы бир ирет Текебаевдин пара алганын тастыктап берди. Ал 2010-жылы Текебаев өзүнүн Ак үйдөгү кабинетине чакырганын айтып, орус улутундагы адамдар ага кыйкырганын билдирди. “Ал жерде орус ишкерлери бар экен. Текебаевдин кабинетинде алардын бири агрессивдүү абалда мынтип алдаган болбойт деп кыйкырды. Текебаев болсо “бул жерден бизди угат, тынчтангыла” деп жатты. Ошондо “Мегаком” маселеси көтөрүлгөн экен. Мен андан кийин кетип калдым”, — дейт ал. como conseguir citotec en usa.

Ошондой эле Абдрахманов ишкерлер менен 1 млн. доллар тууралуу сүйлөшпөгөнүн билдирди. “2 күндөн кийин Текебаев пиво ичели деп чакырды. Анда мен кафеге бардым. Ал жерде Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов отурган экен. Ал 1 млн. доллар алганын айтты, “сенин не ишиң бар, биздин ишке аралашпа” деди. Биз катуу таарынышып, мен кетип калгам”, – дейт экс-“ата мекенчи”.

Мына ушул кепти Өмүрбек Абдырахманов 2012-жылдан бери какшап келди. Бирок, укук коргоо органдары жабырлануучу жок иш козгой алган эмес. Качан гана россиялык ишкерлер арызданып чыккандан кийин Текебаевге кылмыш иши козголду. Эми өзүн ак, таза сезип жүргөн саясатчыны татыктуу жазалоо мезгили келди.