Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн фракциянын кезексиз жыйынын кворум жок өткөргөнү маалым болду. Себеби, фракцияда болгону 11 депутат болсо, жыйынга Текебаев өзүн гана уккан, айтканынан чыкпаган 4 депутатты чакырып, калган депутаттарды жыйынга чакырттырган эмес. Жыйында өзү фракция лидерлигинен кеткенин жарыялаган соң, лидер катары Айсулуу Мамашованы шайлашкан, анын орун басары болуп Никитенко шайланган. Ошондой эле фракциянын дагы бир депутаты Клара Саматты фракциядан чыгарып салышкан. Жыйынга катышкандар: Текебаев, Мамашова, Никитенко, Токтошев, Иманалиев. Ал эми дагы бир депутат ишеним кат бергени айтылууда. Бирок азырынча ал тактала элек.
Эми «Ата Мекен» фракциясынын бүгүнкү жыйыны одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүнө көңүл буралы:
Биринчиси: Бишкек шаардык соту 25-декбарда Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыраткан. Белгилүү болгондой шаардык соттун чечими чыгары менен түрдө күчүнө кирет. Бул жагын жалпы эл, анын ичинде жүздөгөн мыйзамдарды жазып КРнын эмгек сиңирген юристи наамына жеткен Өмүрбек Чиркешович дагы абдан сонун билет. Демек, Текебаевдин мандаты мындан 11 күн, так айтканда 25-декбарда эле сот аркылуу алынган. БШК эми анын ордуна келе турган кезектеги талапкерге мандатын бериши зарыл.
Бирок ошого карабастан ал бүгүн лидер катары өзүн уккан гана депутаттардын жардамы менен Мамашованы ордуна лидер кылып шайлатып алды. Экинчиден жыйында кворум болбогондугун сөз башында айттык. Албетте, «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген саясат менен коштолгон. Чынында Чиркешович 30 жылдан бери бир топ маселени ушундай жол менен көрсөтүп да, көмүскө да чечип көнүп калган адатын бүгүн жалпы коомчулукка дагы бир жолу көрсөтүп койду. Деги, мындай мыйзам бузууларга жоопкерчилик болобу?!
Бир сөз менен айтканда «Ата Мекендин» бүгүнкү жыйыны чоң талаш — тартыштарды жаратып, жакын арада жокко чыгары күтүлүп калды. Себеби, кезексиз жыйынды укпай калган жана жыйындагы каралган маселелер боюнча көз карашы башка депутаттар дагы өз ойлорун да айтып чыгышаар…
Байкай туралы, башкалар юридикалык жол менен Текебаевди мыйзамдын жана элдин алдына уяткарышаар бекен?