Аз күн мурда башкы атамекенчи Өмүрбек Текебаевдин оң колу, ишенимдүү соратниги Алмамбет Шыкмаматов «жылкы теппей, жылан чакпай» фракция лидерлиги менен кошо депутаттык мандатын да тапшырып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан. Фракциядагы мындай демарштык жүрүштүн анык себеби көпчүлүк үчүн белгисиз бойдон калды. Текебаев парттизмедеги талапкер Нурбек Сыдыгалиев менен Шыкмаматовдун ортосунда ушундай сүйлөшүү болгонун айтса, Шыкмаматов «саясат Текебаев каалагандай эле болбойт»-деп экс-шефи менен тил табыша албаганын кыйытты. Ал эми Сыдыгалиев болсо Текебаевдин айтканын жокко чыгарып, Шыкмаматов экөөсүнүн ортосунда эч кандай сүйлөшүү болбогонун билдирди. «Шибегени капка ката албагандай» эле, Шыкмаматовдун мандатын тапшыруусунун анык себебин эми билип олтурабыз. Көрсө, шайлоонун камын ойлогон Өмүрбек Чиркешович ЖКдагы фракциясыз депутат Жанар Акаевди фракция лидери кылуу чечимине келип, анысы Шыкмаматовго жага бербей, ортодо жаман жакшы сөздөр айтылып, шефинен мындайды күтпөгөн Алмаке «тойдум баарына» деп мандатын таштап баса бериптир. Муну бизге фракциядагы ишенимдүү маалымат булактары билдиришти.
«Өөдө төмөн, оош кыйыш учурларда дайыма жанында жүргөн Шыкмаматовду садака чабууга Текебаевге эмне күч келди?»- деген суроо туулбай койбойт. Жообу баягы эле шайлоо. Сыягы, башкы атамекенчи Жанар Акаевдин жаштар арасындагы аброюна ашкере ишенип, партия тизгинин Жанарга карматып, келерки чакырылыштын да курамында болууну эңсеген окшобойбу. Мындан башкача түшүндүрө албай турабыз. «Конституциянын атасы» делген карт бөрү саясатчынын жаштарга, анан саясаттагы балапан Жанар Акаевге күнү калган болсо, анда Өмүкенин абалы жыргатарлык эмес го, ыя.
Булак: “Майдан.kg”