Чет элдик инвесторлордон 1 млн. доллар алган деп айыпталып жаткан ӨмүрбекТекебаев өзүнүн жарга такалганын сезип, эми көп жылдардан берки саясатта сыналган жаңы тактикасына өттү. Өзүнүн адвокаттарынын кулагына «коргонуунун мыктысы чабуулга өтүү» деген насаатты кумдай куя баштады.
over the counter chlamydia. Анын адвокаттары кылдан кыйкым издегенге өтүшүп, «ошо 2010-жылдын 13-майы күнү аба-ырайы кандай эле?» деген «өлүмүш» суроону коюшуп, аны жалпы ишке тиркөөнү талап кылышты. Муну менен Текебаев уят-сыйыт дегенди таптакыр жыйыштырып салып, эптеп эле элдин башын айлантып, күбөлөр Л.Маевский менен А.Модин 2010-жылдын майында күн ачык болгондуктан, аны менен «Супара» ресторанында ачык жерде отурушканын айтып жатышат дегенге өттү. Бирок аталган күбөлөр, Текебаевдин коргоочулары айтып жаткандай ачык жайда эмес улуттук стилде жасалгаланган жайда жолугушканын айтып жатышат.
Ө.Текебаевдин адвокаттарынын өздөрүнүн шефинин «чабуулга өтүү» тактикасын айныксыз аткарууга жанталашуусунун далили катары, алардын негизги күбө Маевскийге, андан кийин калган күбөлөргө психиатриялык экспертиза дайындоону талап кылышкандыгын келтирсе болот. Булардын муну менен эмнени каалап жатканы белгисиз. Бул коргоонун «кокуйлугу» эмей эмине?