Домой Азил Текебаевдин чыгарган мыйзамдары… кимге ким карыз?

Текебаевдин чыгарган мыйзамдары… кимге ким карыз?

102

Өмүрбек Текебаев жана кемпир

ЖКдан чыгып келе жаткан Өмүрбек Текебаевге бир кемпир кайрылды:
— Балам, суранам, жардам бер! Мендеги электр сакал алгычты сатып алчы? Нанга акчам жок…
Депутат кемпирге боору ооруп кетип, сакал алгычы үчүн ага эки миң сом акча берди.
Бир жумадан кийин кемпир ага кайра жолугуп, дагы мындай деп турганы:
— Уулум, чайнегимди сатып алчы?
Депутат: — Сен, кемпир, мага иштебеген сакал алгычыңды саткан турбайсыңбы?
Кемпир:
— Маселени тапкан экенсиң! Биринчиден, мен сага ал иштейт деп убада берген эмесмин! А экинчиден болсо, сен чыгарган мыйзамдардын да жарымы иштебейт! Ошентсе да жашап жатабыз го! — деп маселени кабыргасынан козгоптур.