Домой Саясат Текебаевдин 1 млн. доллар алганын дагы эки күбө тастыктады

Текебаевдин 1 млн. доллар алганын дагы эки күбө тастыктады

34

 

1029760359 womera.

4-июлда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун сотунда «Альфа-Телеком» (MegaCom) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов көрсөтмө берип, 2010-жылы Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов, Ш.Абдылдаев менен жолукканын билдирди. “Биз жолуккан кафеде Шыкмаматов, Текебаев, мамлекттик мүлктүн жетекчиси Шералы Абдылдаев болгон. Алар мен тууралуу сурап, компаниядагы кырдаалга кызыкты. Мен баары штаттык режимде иштеп жатканын айттым”, — деди ал.

Ошондой эле «Альфа-Телеком» (MegaCom) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов Алексей Модиндин резюмесин Мамлекеттик мүлк фондунун имаратында Ш.Абдылдаев же Т.Маматкеримов бергенин билдирди. «Альфа-Телекомдун» жетекчиси 1 млн. доллар тууралуу айтып жатып, Маматкеримов аны тастыктаганын билдирди. “2011-жылы жайында Өмүрбек Абдрахманов “Текебаев россиялыктардан 1 млн. доллар алды” деп маек берди. Мен Маматкеримовдон чын эле ушундай болгонбу деп сурасам ал “ооба, болгон” деп жооп берген”. – дейт А.Базаркулов. Азат Базаркулов кийин Модин менен да жолукканын билдирди.

4-июлдагы отурумда “О!” брендин алып жүргөн “НУР телеком” компаниясынын директору Максим Сидоренко да көрсөтмө берип, Модин 2010-жылы “Мегакомго” жетекчи болуп бара турганын маалымдаганын белгиледи. “Модин менен 2006-2007-жылдары таанышканбыз. 2010-жылдын жайында мени кабинетине чакырып, жакында “Мегакомго” жетекчилик кызматка дайындалып жатканын айтып, командам менен чакырды. Маяна маселесин да чечип берерин айтты. 2010-жылдын күзүндө Модин “НУР телекомдон” кетти, ошол боюнча көрүшө элекмин”, — дейт ал. Сот отуруму күбөлөрдү суроо менен аяктап, 5-июлда уланмай болду.

Ушинтип Текебаевдин пара алганын дагы 2 күбө тастыктап жатат. “Ата Мекен” партиясы эми кантип актанар экен? Элге уят болбой “пара алдык, итчилик бизден кетти” деп жоопкерчиликти моюнга алса өздөрүнө деле жакшы болм