Домой Саясат Текебаев үй камагына чыгарылды

Текебаев үй камагына чыгарылды

82

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Ага саясатчылардын өздөрү да жеткирилди. Саясатчылардын бөгөт чарасын кароого адвокаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жакын туугандары гана киргизилди. Журналисттерге уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, жактоочулар соттон саясатчыларды тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн. Ал эми прокурорлор Текебаев менен Чотоновду камакта калтырууну суранышкан.

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.