Домой Коом Текебаев: шайлоонун жүрүшү жөнүндө пикири…

Текебаев: шайлоонун жүрүшү жөнүндө пикири…

148
Ө.Текебаев: Бул жолку парламент курамы — Кыргызстандын келечегин аныктайт

«Aта Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, бул жолку парламент курамы — Кыргызстандын келечегин аныктайт деп белгиледи.

Бул жолку шайлоодо келишкис, катаал атаандаштык болуп жатат. Бийлик тобу дагы өздөрүнчө бири-бири менен, оппозиция дагы өз ичинде бири-бири менен келишкис болуп күрөшүп жатат. Каржылык ресурс мурун болуп көрбөгөндөй чоң ролду ойноду. Добуш сатып алуулар болууда. Криминалдык жана административдик ресурс мурункудай эле пайдаланылып жатат. Бирок мурункудай эмес дагы жагдайлар бар. Бул жарандардын аң-сезиминдеги өзгөрүү. Жарандар шайлоо таза, мыйзамдуу өтсө деп жатат. Шайлоонун таза өтүшүнө, мыйзамдын бузулбашына бардык мамлекеттик органдар катышуусу зарыл. Буга коопсуздук кызматы дагы аралашуусу керек. Наркотрафикти аңдыгандай эле аңдышыбыз керек болчу. Ушундай күрөшүп, бир-эки партияны алып салса, экинчи мындай көрүнүш азаймак. Тилекке каршы, бүгүн добуш сатып алуу болуп жатканын баары эле билет. Бүгүн добуш сатып алууда негизги партия жетекчилери кармалбайт.

Мурунку шайлоодогу кемчиликтерди жоюу аракеттери байкалабы?

Бүгүн шайлоонун жыйынтыгы конкреттүү шайлоочулардан көз каранды. Сиздин добушуңуз баарына керек. Тилекке каршы, шайлоочу мыйзамдык өзгөрүүлөрдү кабыл алып үлгүрбөй калууда. Бул биздин саясий маданиятыбыздын деңгээли бир аз артта калып жатканынан кабар берет. Бийлик мурдагыдай аймактык шайлоо комиссиялары менен эле добушту бурмалап, жыйынтыкты чечип коео албай калды. Шайлоочулар реалдуу күчкө ээ болду. Терс көрүнүштөр эртеби-кечпи жоголот.

булак: bbc.com