Азыр саясатчылардын басымдуу бөлүгүнүн негизги иши алдыда боло турган шайлоо жана ал шайлоодо кантип элдин колдоосуна арзып, Жогорку Кеӊешке депутат болуп келебиз деген ой-санаа чырмап алганы ырас. Бул шайлоодо буйруса, далай саясатчылардын бет-пардасы сыйрылары турган иш деӊизчи. Аз күндөн бери “Ата Мекен”, “Ак-Шумкар”, КЛДП биригип, шайлоого бир бара турганы тууралуу көп кеп болууда. Бирок Текебаев, Сариев, Жанар Акаевдер шайлоодо жеӊишке жетишет деп айтуу кыйын. Эмнеге дегенде бул шайлоодо билими күчтүү, же акылдуу, тазалар эмес, акча каражаты жагынан күчтүүлөр, тилди жакшылап эмизгендер жеӊишке жетишет. Дагы далайлар биригиши күтүлүп жатат. Бирок алардын бириккени жалпысынан алганда жалпы коомчулукка пайдасы жок. Эгер ошол элди кууртакандарды эл сатылбай шайлоо учурунда шайлабай койсо ошол утуш болмок.
Булак: Багыт.kg гезити