Мен үч жыл терезеси жок камереда жалгыз отургам. Бир ай чыдап отуруп койсоңор, силердин адамзатка берген жардамыңар ошол болот. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.
“Бийлик менен врачтардын айтканын бул жолу талашпай угуп коюшубуз керек. Мен үч жыл терезеси жок камерада жалгыз отургам. Мына, алдыңарда турам. Бир ай чыдап отуруп койсоңор, силердин адамзатка берген жардамыңар ошол болот”, – деди Текебаев.