Саясаттын “карт бөрүсү” Өмүрбек Текебаев мамлекеттин эки тизгин, бир чылбыры толугу менен КСДПга, так айтканда президенттик да, премьерлик да, эми спикерлик да да бул партияга “буйруп” жатканына анчалык деле кубанып кеткен жок, бирок анысын ачык айтпады. Колдогон түр көрсөтүп, азырынча кооз сүйлөп турат. Өзүнүн бул ирет да спикерликке “тандалбай” калганына сыртында болбосо да, ичинде капа. Албетте, ал кишиге спикерлик азырынча буюрбайт го. Ошондой болсо да ал премьер менен спикердин социал-демократтардан көрсөтүлүшүнө ачык каршы чыккан жери жок. “Кыргызстандагы саясий жана экономикалык саясаттын кесепеттери үчүн социал-демократтар жооп берүүгө тийиш” деген сөздү баса белгилеп айтып, ушул себептен улам, Жогорку Кеңеш төрагалыгына талапкер Чыныбай Турсунбековду колдогонун белгиледи.