Домой Коом Текебаев эми жаштарды да “сүзөт” …

Текебаев эми жаштарды да “сүзөт” …

35

Өмүрбек Текебаев өзүнүн партиясын сүрөп, кичи мекени Базар-Коргондо шайлоочулардын алдында сөз сүйлөп, бир топ кептерди айтты. Өзүнүн айылы Акманда сүйлөп жатып: “Жаштарды таптайм, аларга саяпкер болом. Кези келсе, сүзөм. Бөрү карыса бир койлук алы бар” деп айтканда эл күлүп жиберди. Анткени, чоӊ саясатчынын каймана аты “сүзөм” деген сөзүнө төп келип калды. Албетте, кыраакы саясатчы ал кепти бекеринен айткан жок. Эгер таптап жаткан саясатчылар сөзүн укпай баратса , адатынча оппозициялык адаты менен “сүзүшө” турганын эмитен эскертип жатканы…

 

Булак: Багыт гезити