Домой Саясат Текебаев: ЕАЭБге киргенден кийин бажыдагы коррупция бир колго өттү

Текебаев: ЕАЭБге киргенден кийин бажыдагы коррупция бир колго өттү

11

Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттик иликтөөлөр, бажы тармагындагы коррупция боюнча “Азаттык” радиосу менен ой бөлүштү. Текебаев “Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин бажы, чек арадагы коррупция бир колго өттү” деди.

– Эмне үчүн Райымдын маселеси бүгүн көтөрүлдү? Эмнеге 2000-2005-2010-жылдары көтөрүлгөн эмес? Анткени анда баары жасайт эле. Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин монополия болуп бир колго өттү. Мамлекет башчысы, күч органдары катышмайын муну жасоо болбой калды. Бул бизнес трансулуттук мүнөзгө ээ болгонун белгилегим келет.

Быйыл «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланды.

Булак: Азаттык