«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы деле нааразы. Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Маевскийден пара алган деген айыптоого байланыштуу кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда кайрадан каралып баштаган. Кечээ дагы бир соттук териштирүү болуп өттү.
Бирок, Текебаев сотторго дагы деле нааразы экенин билдирди. Алар алып келген күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө ишти караган судья Айнура Сатарова тоскоолдук кылып, анын айткандарын укпай, биринчи сура деген күбөсүн сурабай коюптур.
Буга чейин Текебаев соттордун адилеттүү болуп калганын айтып келди эле. Эми мынтип кайра эле нааразычылык билдире баштады. Судья Сатарованын бул кадамын ал, «адепсиздик жана кара ниеттик менен тоскоолдук кылуу деп баалайм», -деди. Деги эле Текебаев менен Чотоновко байланышкан соттук териштирүүнүн жыйынтыгы кандай чыгаары азырынча белгисиз.
Булак: «Ачык саясат»