Абдылас Малдыбаев атындагы мамлекеттик опера жана балет театры өздөрүнүн күзөт кызматына 1,2 млн сом сарптамай болуп жатат. Бул сумма өтө эле көп эмеспи? Театрды өтө жашыруун аскердик мааниси бар жерге айландырышкан жатабы? А балким, театрдын жетекчилиги өздөрүн да, артисттерди да коргоп жүрчү жансакчыларды алганы жаткандыр. Азыркы жетекчи Болот Осмонов мурун да аталган театрды жетектеп кылгылыктын баарын кылып, ал тургай ага кылмыш козголуп, иши сотко өткөн неме болчу. Бул эргул эми дагы бир нерсенин ичинен чыкканы жаткан го.