Домой Коом Тажиктер түнү менен Лейлектеги үйлөрдү жана дүкөндөрдү өрттөп чыгышты

Тажиктер түнү менен Лейлектеги үйлөрдү жана дүкөндөрдү өрттөп чыгышты

32

Тажикстан менен Кыргызстан саат 20.00гө карата ок атууну толугу менен токтотууну сүйлөшкөн. Анткен менен атышуулар уланууда.

Баткендин Лейлек районунда кыргыз жана тажик аскер кызматкерлери ок атууну улантып жатат, ошондой эле үй-жайлар өрттөнүүдө. Кабарды облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

Учурда Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында атышуулар болуп жатат.

«Ал эми Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлүүдө. Бул жактагы жергиликтүү жашоочулар Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун, Дархун, Даргас айылдарына жайгаштырылды. Мындан тышкары, Арка айылындагы жолдун жээгинде жайгашкан май куюучу жай жана соода түйүндөрүнө өрт коюлганы кошумчаланды», — деп билдирди милиция.

Эске сала кетсек, эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсү менен кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуу толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынган эле. Түнкү он экилерге чукул Чек ара кызматы ок атышуу токтогонун билдирген болчу.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин («Тынчтыкка каршы кылмыштар») негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салганы да белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.