Домой Маек Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты, Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойм”

Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты, Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойм”

36

  1464247533_399877.1449720787_0

Парламенттеги оппозициялык маанайдагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовду кепке тартып, парламенттин дарегине айтылып аткан сындар, өкмөттүн ишмердүүлүгү жана алдыдагы президенттик шайлоонун тегерегинде оюн уктук.

—  Акыркы мезгилде парламенттин дарегине ачуу сындар айтылууда. Мындай сындарды негиздүү деп эсептейсизби?

— Биринчиден, парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура кадам болгон деп эсептейм. Экономикасы дүркүрөп өсүп, демократия орун алган дээрлик бардык мамлекеттер парламенттик системада жашап жатат. Ал эми бүгүнкү күндө  6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке обьективдүү да субьективдүү да сындар айтылып жатат. Сындын айтылып турганы жакшы. Бирок, ошол сындар негиздүү болсо парламентте иштегендер үчүн да жакшы. Кээ бир учурларда аша чаап сын айткандар бар. Мен андай сындарга кошулбайт элем. Жалпы жонунан алганда Жогорку Кеңеш өз милдетин аткарып, керектүү, сапаттуу мыйзамдарды кабыл алып жатат. Биздин айрым жарандар парламентти башкача элестетип алган. Мисалы, бул жакка же тиги жакка акча бөлбөйсүңөр деп таарынат. Бирок, бюджетти бекитип жатканда 2-3 жыл мурда пландалган, алдын ала түзүлгөн документти кабыл алабыз. Албетте, депутаттар эл кызыкчылыгы үчүн болушунча алымча-кошумча киргизет.

Парламенттик башкарууга өткөндөн бери коомчулукта ачык-айкындуулук орной баштады. Азыр мурдагыдай бир үй-бүлөнүн башкаруусу орун алган эмес. Бийлик бутактарынын ортосундагы милдеттер так бөлүнгөн. Биз зарыл учурда өкмөттү чакырып, маалыматын уга алабыз. Бул дагы жетишкендик деп эсептейм.

—          Депутаттар бирден жардамчыдан, кызматтык унаадан, айдоочудан баш тартты. Бул бир четинен өлкө бюджетин сарамжалдуу пайдалануу болгону менен парламенттин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген жокпу?

—  Сиз абдан туура маселе көтөрдүңүз. Чындыгында айрым депутаттар ушундай популисттик кадамдарга барып жатат. Негизи депутат болгон адам бизнес же башка жумуш менен алек болбосун деп жатабыз. Ошол эле учурда бардык депутаттар бай же бизнесмен эмес. Ар бир депутатка жума сайын том-том болгон мыйзамдар келет. Аны эл өкүлү кээде бир жардамчысы менен караганга жетишпейт. Мунун айынан туура эмес же мамлекетке зыяны тие турган мыйзамдар кабыл алынып кетиши мүмкүн. Эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугат, чет мамлекеттерге иш сапар менен чыгат. Мындай тыгыз графикти эске алганда жардамчы керек экен. Мисалы, депутататтардын кызматтык унаасын кыскарттык. Муну менен биз мамлекетке үнөм кылган жокпуз. Ал унаалар башка мамлекеттик мекемелерге кызмат кылып, бүгүнкү күндө деле май коротуп жатат, же унаа токтотуучу жайларда турат. Эл өкүлү болгондон кийин “кайсы жактан унаа табам” деп башын оорутпай, канткенде сапаттуу мыйзамдарды кабыл алам деп ойлонушу керек. Азыр бизде канчалаган депутаттар коомдук унааларда жүрөт. Мындай популисттик кадам менен “парламентке бай адамдар гана шайланышы керек” деген түшүнүктү калыптандырып жатабыз. Менин оюмча, бул мыйзамды артка кайтаруу керек. Жөнөкөй мугалим же карапайым адамдын да депутат болуп элге кызмат кылуусуна шарт түзүшүбүз зарыл.

Жеке пикиримде, парламентке кеткен каражатты эмес, анын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, сапаты тууралуу көбүрөөк ойлонгонубуз туура болот.

—  Өкмөт жылдык отчетун берди. Сиз мүчө болгон “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө канааттанган жок. Ал эми биз билгенден, сиз жана бир катар партиялаштарыңыз өкмөттүн ишине “канааттандырарлык” деп баа бериптир. Мунун сыры неде?

—  Биздин фракция өкмөткө ишеним көрсөтпөйбүз деп айтып чыкканда  дээрлик жарымыбыз министрлер кабинетинин ишине “канааттандырарлык” деген баа бердик. Өкмөт чынында иштеди. Буга чейин өз ишин эптей албай, пиар менен гана алектенген канча премьер-министрлерди көрдүк. Сооронбай Шарипович чынын айтканда белди бекем бууп иштеп жатат. Ал кыйынчылыктарга карабастан, канчалаган жакшы иштерди алдыга жылдырды. Туура, өкмөттө ар кандай министрлер, жетекчилер бар. Кээ бир жетекчилер ишти артка тартты, иштей албаган министрлер да болду. Алар тууралуу парламентте депутаттар ачык айттык. Аларга карата чара көрүлүшү зарыл. Ал эми жалпы жонунан алып караганда, жогоруда белгилегенимдей, фракциянын чечимине карабастан, жеке өзүм өкмөттүн ишине “жакшы” деген баамды берем.

—   staxyn price. Сиз айтып жаткан Сооронбай Жээнбеков КСДПнын атынан президенттик шайлоого аттанмай болду. Сиз мындай тандоону кандай кабыл алдыңыз? Анын үстүнө сиз мүчө болгон “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин алып чыкты…

—  КСДПнын Сооронбай Шариповичти сунуштап жатканы эл үчүн кубанычтуу кабар болду. Себеби, С.Жээнбеков бийликтин бардык тепкичтеринен өткөн, такшалган талапкер. Парламентке 3 жолу депутат болуп шайланган. Облусту жетектеди, министр болду, азыр болсо премьер-министрлик кызматты татыктуу аткарып жатат. Мен С.Жээнбековдун талапкерлигин колдойм. Анткени, партиянын кызыкчылыгынан да мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коюшубуз керек. Саясатта партиянын кызыкчылыгын биринчи орунга койбошубуз зарыл. Сооронбай Шариповичти колдоп жатканымдын себеби – анын татыктуу президент болоруна көзүм жетет.

Ооба, силер айткандай “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин президенттик шайлоого сунуштады. Бакыт Эргешович мамлекеттин өнүгүшүнө буга чейин өз салымын кошту, мындан ары да кошот деген ишеним чоң. Кыргызстан үчүн кызмат кыла турган инсан. Келечеги али алдыда, жаш саясатчы деп айтат элем. Бирок, азыркы учурда президенттик кызматка С.Жээнбеков ылайыктуу. Бул менин Кыргызстандын келечегине, элибиздин байгерчиликте жашоосу үчүн күйгөн адам катары айткан пикирим.

—  Сиз депутат катары президент боло турган адамдын кандай сапаттары болушу керек деп эсептейсиз? Болочоктогу президенттин образы кандай болушу зарыл?

—  Мамлекетти башкара турган адам эң биринчиден адамгерчиликтүү, ыймандуу, таза инсан болушу керек. Бардык тармакты билген, эл менен жакын, бардык жагынан такшалган адам болушу зарыл. Бизге эң башкысы көрөгөч, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койгон, элди бөлбөгөн, баарына тең караган президент керек. Мына ушундай сапаттар Сооронбай Шариповичте жетиштүү.