11-июнда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында “Таза коом” долбоору боюнча эл аралык форум өтүп, ага президент Алмазбек Атамбаев, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Бруно Балванера баштаган лидерлер катышты. Эл аралык масштабдагы лидерлердин көңүлүн бурган “Таза коом” долбоору көптөгөн уюмдардын кызыкчылыгын туудуруп, аны колдой турганын бир катар чет элдик мекемелер билдирүүдө.
Жакында эле элге жарыяланып, көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эл аралык уюмдардын кызыгуусун арттырган “Таза коом” долбоору боюнча эл аралык форумдун өтүшү, ага БУУнун баш катчысы баштаган лидерлердин катышуусу эксперттердин жогору баасына татууда. Форумга катышкан чет элдик уюмдардын жетекчилери бул долбоорду колдой турганын айтып, анын ишке ашып кетүүсү үчүн колдон келген жардамды бере турганын убада кылууда. Демек, мындай уникалдуу долбоордун иш жүзүнө ашышы үчүн бюджетке көп деле зыян келбейт.
Айрымдар “Таза коом” долбоору ишке ашпай жатып аны сынга алууда. Бул тууралуу такыр түшүнүгү жоктор да бар. Негизи «Таза Коом» — жаңы, заманбап технологияларга негизделген, мамлекеттик башкарууну жөнөкөй жана сапаттуу кылууга багытталган программа.“Таза коом” долбоорун даярдоо жумушун президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков жетектеп, 20 кишиден турган атайын эксперттик топ менен иш алып барууда. Алар белгилегендей, заманбап технологиялар заманында бул долбоорсуз экономиканы алдыга жылдыруу кыйын. Бүт дүйнө жүзү санариптик технологияларга өтүп жаткан учурда, мамлекеттик башкаруу, каржы ресурстарын пайдалануу боюнча эски ыкмалар өзүнөн-өзү жокко чыгат. “Таза Коом” долбоорунун борборунда эң негизги болуп адам ресурсуу турат. Анын өмүрү, коопсуздугу, укугу жана эркиндиги, эң башкысы, жашоосунун бүт тараптан бакубаттуулугу. Биз бул долбоорду ишке ашырууда Япония, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерден үлгү алсак жаңылбайбыз.
Коррупцияны азайтууга өбөлгө болот
Президент Алмазбек Атамбаев бул жыйында сүйлөп жатып Кыргызстандын эң башкы күчү адамдык ресурс экенине токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысы “Таза коом” долбоору коррупцияны азайтууга өбөлгө болорун айтып, ушул жолду илимий негизде, жакшы инвестициялар менен улантса, Кыргызстан мындан да жакшы ийгиликтерге жетишерин билдирди. “Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары менен айкашкан “Таза коом” санариптик транформация улуттук программасын ишке ашырууга арналган өлкөбүз үчүн абдан зор мааниге ээ болгон иш-чарага кош келиңиздер. Биздин өлкөдө нефти жана газ жок, бирок күчтүү жарандык коом бар. Биз эркин адамдардын өлкөсүн, эркин Кыргызстанды куруп жатабыз. Биздин күчүбүз, биздин байлыгыбыз – адамдарыбыз, ошондуктан биз “Таза коом” санариптик транформация программасына басым жасап жатабыз. “Таза коом” программасынын шарапаты менен коррупция деңгээли төмөндөйт, ал эң ылдыйкы чекке түшүшү мүмкүн. Себеби бийликтин бардык кабаттарында коррупцияны жеңүү аздык кылат, коррупция участкалык милиционердин, участкалык дарыгердин, айыл өкмөтүнүн атка минеринин денгээлинде дагы болбошу керек”, — деди президент.
Ошондой эле президент Кыргызстандын алдына койгон максаты чоң экенин белгилеп, өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү программасы даяр болуп калганын кошумчалады. “Биз чоң максаттарды көздөп турабыз. Учурда күчтүү, дүркүрөп өнүккөн өлкө болуу максатын көздөгөн Өнүгүү стратегиясы 2040 программасын даярдап жатабыз. Өлкөбүздүн жарандарын газдын жана нефтинин жоктугу тынчсыздандырбашы керек, анткени газы жана нефти жок, ал тургай суу проблемасы бар Япония менен Израилде турмуш деңгээли абдан жогору экендиги жакшы мисал эмеспи. Стратегия-2040 борбордук компоненти — эркин жана ачык мамлекет куруу боюнча “Таза коом” программасы, ал адамдар капиталына, жаңы технологияларга жана инновацияларга таянып, жарандарга кызмат кылат, бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзөт”, — дейт Атамбаев.
buy nolvadex or clomid online. Антониу Гутерреш:“Таза коом» долбоорун кубаттайбыз”
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш «Таза коом» долбоору боюнча өткөн форумга катышып, анын уникалдуулугуна токтолду. Баш катчынын бул форумга катышуусу долбоорду таанытуу үчүн чоң салымын кошо турганы белгилүү. Антониу Гутерреш да бул иш-чарага катышуу менен убактысы текке кетпегенин моюнга алып, БУУ программанын ишке ашышын кубаттай турганын билдирди. “Кыргыз бийлигинин жаңы технология менен жарандардын жашоосун жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, адам укуктарын коргоого көмөктөшө турган «Таза коом» долбоорун кубаттайбыз”, — деди ал. Ошондой эле БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш “Таза коомдун” алкагындагы элдин турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду кубаттаарын билдирди.
Ал эми Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук «Таза коом» долбоорун ишке ашырууда Дүйнөлүк банк туруктуу өнөктөш туруктуу өнөктөш боло турганын айтып, Кыргызстандын бул боюнча амбициясына жогору баасын берди. “Бул абдан жакшы долбоор экен. “Аракет кылсаң берекет” деп Кыргызстанда айтылгандай, биздин биргелешкен күч аракетибиз өз жемишин берет деп ишенем. Майда долбоордон башташыбыз керек. Англисче “жумушту майдадан, бирок тез кыл” деген сөз бар. «Таза коом» долбоорун ишке ашырууда Дүйнөлүк банк туруктуу өнөктөш болот”, — деди.
Саясатты коюп, ишке өтөлү
Кыргызстанды эл аралык коомчулук Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен демократияга багыт алып, өлкөдө сөз эркиндиги, адам укугу сакталган мамлекет катары баалайт. Эгемендүүлүк алгандан берки 25 жылда ар кайсы мамлекеттерди туурап, башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын көчүрүү менен алек болуп келдик. Ар кайсы баалуулуктарды ээрчигенден деле майнап чыккан жок. Бир да жолу биздин өлкөгө, биздин баалуулуктарга төп келген программанын үстүндө иштеген жокпуз.
Нефти, газ сыяктуу жаратылыш байлыгы чектелген Кыргызстан үчүн эң башкы байлык бул адам ресурсу. “Таза коом” долбоорунун бирден-бир артыкчылыгы дал ушул адам ресурстарына таянганында. Андыктан бул долбоордун келечеги кең экенин биз эле эмес ,эл аралык уюмдар моюнга алууда.
Саясатты токтотуп, өнүгүү үчүн күнү-түнү иштей турган мезгил келди. Замандан артта калбай, балдарыбыздын, Кыргызстандын келечеги үчүн эмгектене турган учур келди. Бул үчүн бизге “Таза коом” долбоору жол көрсөтө алат. Эң башкысы, ынтымакты бекем сактап, бири бирибизди кубаттап, колдон-буттан алып аракеттенсек биз жете турган ашуу алыс эмес.