Домой Саясат Татарстандын президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу дайындады

Татарстандын президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу дайындады

44
Буга чейин интернетке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган жана көчөдө күтүп турган сүрөттөрү тараган болчу.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто жүргөн сүрөтүн көрүп ага унаа белек кылды. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент айдоочуну дагы бекитип, ага айлык чектеп берген.

«Татарстан машинанын эксплуатацияга берилишин жана күйүүчү майга кете турган чыгымдардын бардыгын мойнуна алды. Раиса Атамбаева Рустам Миннихановдун адамгерчиликтүү мамилесине, колдоосуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле элдин колдоосу ага күч-кубат жана жаркын келечекке ишеним берип жатканын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Спутник