Домой Саясат Ташполот Балтабаев, экс-депутат, коомдук ишмер: “Атамбаев үй-бүлөсүн бийликке аралаштырган жок, бул анын...

Ташполот Балтабаев, экс-депутат, коомдук ишмер: “Атамбаев үй-бүлөсүн бийликке аралаштырган жок, бул анын чоң эрдиги”

43

     1480133983_tashbolot-baltabaev

— Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык президенттик мөөнөтүндө кандайдыр бир ийгиликтер, чеке жылытчу иштери болдубу? Деги эле ал өлкө башчысы катары бизге кандай мурас калтырды? cheap isotretinoin.

— Атамбаевдин президент катары эң биринчи жакшы иши мыйзамды сыйлап бийликти тынч жол менен өткөрүп берип жатканында. Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында “өлкө башчылык мөөнөтүм бүтсө бир күн да токтобойм, бийликтен татыктуу кетем” деп жарыялап, өзүнүн айткан сөзүнө туруп, жакшы саясый салт калыптандырды десек болот. Экинчиден, кыргызда “алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” дегендей, ал президенттик доорунда Россия, Орто Азиядагы кошуналар Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан баштаган өлкөлөр менен өз ара түшүнүшүү багытында мамиле түзө алды деп эсептейм. Бул дагы кыргыз эли үчүн абдан пайдалуу, чоң маселеге ээ. Ошондой эле президент Атамбаев президенттик мөөнөтүндө кыргыз товар өндүрүүчүлөрү, андагы кызмат көрсөтүүчүлөргө, өзгөчө ишкерчилик менен алектенгендерге чоң базар ачууга саясый чечим кабыл алып, өлкөбүздү ЕврАзЭСке киргизип, айтор, өлкөбүз үчүн жакшы нуктагы маселелерди чечип берди. Бул эми саясый маселелери.

— Ички чарбалык маселелерибизди чечүү жагынан иш кыла алдыбы?

— Ички маселелерибизден эң оболу энергетикалык көз карандысыздык маселелерибиз боюнча көп иштер жасалып, жакшы аракеттер болуп турду. Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу жагынан оң жылыштар бар. Буга удаа Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө Кыргызстандын ичиндеги региондорубузда жол салуу жаатында арбын иштер аткарылды. Алсак, өлкөбүздүн түндүк-түштүк жана башка региондорун бири-бири менен бириктирген жол каттамдар, эл аралык деңгээлдеги чоң трассалар курулуп, бүтө баштады. Мындай иштер элге кызмат кыла турган эң негизги маселелерден. Ошондой эле Атамбаев өз мөөнөтүндө кыргыздарды дүйнөгө атын тааныта турган бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөргөнгө жетишти. Көчмөндөр оюну өткөрүлүп жаткан учурда мен Лондондо элем. Ошол Лондондо да Көчмөндөр оюну боюнча резонанс болуп, “Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн башын бириктирип жатыптыр” деп кызуу кептер болду. Атамбаевдин жеке аракети менен өткөрүлгөн Көчмөндөр оюну абдан чоң мааниге ээ тарыхый иш-чара болду.

— Президенттик мөөнөтүндө жеке адамдык сапаттары жагынан кандай өлкө башчы болду?

— Бул аралыкта ал үй-бүлөсүн бийликке аралаштырган жок. Мунусун баса белгилеп коюшубуз керек. Кээ бирөөлөргө жагабы же жакпайбы ал айрым учурларда өлкө башчысы катары ачык айтып, ак сүйлөгөн учурлары болду. Мен анын президенттик доорундагы ушундай жакшы сапаттарын баса белгилеп айта алам.