Домой Саясат Ташиев кимди чыккынчы атады?

Ташиев кимди чыккынчы атады?

49

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу элге сабырдуулук тилеп, ал жакка чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды жибербеш керектигин жар салды.

Ошондой эле: «Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. «Мамлекетти, элди-жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса анда башка сөз, иш болот» — деп билдирди.

Ошондо чыккынчы, сойку деп кимди айтты? Чек ара чыры болсо эле Жеңиш Разаковду аттап-тондоп жибере беришет. Анысы бир нерсе чечсечи. Качан болсо тескери реакция.

Демек, Ташиевдин ташы Разаковдун огородуна ыргытылган жокпу?.. Өзү деле ачык айтып койсо болмок, табышмак кылбай..

Булак: «Фабула»