Кечээ эле бийликке боор тартып жүргөн “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 180 градуска бурулуп, оппозициялык маанайдагы пикирлерин айта баштады. “Регионго” берген маегинен алсак, биздикилер эки жылда натыйжа кылбаганын, Мирзиеевге, Зеленскийге жана Пашинянга суктанганын жашырбады. О.э. бийликке эл баасын бере турганын, өзү болсо парламенттик шайлоодо депутат болуп келип, иштегендин үлгүсүн көрсөтөрүн баса белгиледи. Мындай кадамы менен Ташиев оппозиция лидерине айланууга, бийликке каршы катмардын добушун алууга далбас ургандай. Шайлоо келатат эмеспи, али кызыктар алдыда…
Булак: Арыба