Домой Саясат Ташболот Балтабаев: “Чек араны өкмөт чечалбайт. Бул маселе президент менен парламенттин колунда…”

Ташболот Балтабаев: “Чек араны өкмөт чечалбайт. Бул маселе президент менен парламенттин колунда…”

20

– Ташболот агай, неге чек ара чыры басаңдабай эле, жылдан жылга күч алып, курчуп баратат? Аны чечүүнүн жолу барбы?

– Татаал маселе. Аны чечүүнүн ыкмалары көп. Принциби бирөө – компромисс. Бирок канчалык чечүү кечеңдесе, кесепети ошончолук оор болот. Чегараны өкмөт чечалбайт. Бул маселе президент менен парламенттин колунда. Себеби, Өзбекстан менен Тажикстанды бир адам эле башкарат – президент.

– Бирок, чек ара маселесин президент эмес, өкмөт чечет деген пикирлер арбын го?

–  Чек ара маселесинде акыркы чекитти президент менен парламент койот, Өкмөт тапшырма гана аткарат.

– Кыргыз-тажик президенттеринин телефондон сүйлөшүүсү чек ара маселесин чечкенге салым кошобу?

–  Телефондон ден соолук сураса болот. Телефондон сүйлөштү деген – бул элдин көңүлун жооткоткондук. Эки президент эки жолу жолугушуп кандай чечим кабыл алгандыгы жөнүндө коомчулука жарыя кылбаганын сындап чыкканмын убагында. Бул деген “давайте ребята мирно жить” деген чакырыктын деңгээлиндеги нерсе экенин турмуш көрсөтүп койду.

– Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров чек арада чагым чыгаргандар жазаланышы керекдеген пикирин айтыптыр. Буга кандай комментарий бересиз?

– Чырдын себептерин жоготмойунча, чыр чыгаргандарды жазалоо менен маселе чечилбейт. Союздун убагында эки элдин ортосунда тааныш-билиш мамилелер бар эле. Майда чырларды жергиликтүү эл өзү бийликсиз эле чечип жүргөн. Азыр тескерисинче каршылашуу маанай түзүлүп калды. Майда чыр эки элдин кагылышуусуна алып келип жатат. Муну бийлик чечпесе зл өзү чече албайт.

– Эмнегедир чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн башында жүргөн Жеңиш Разаковго ишеним артпагандар көп. Көп учурда Жеңиш Разаков чегара маселесин чече албайт дешет. Анда тажрыйба азбы же маселе чечүү мүмкүнчүлүгү жетишсизби?

–  Жеңиш Разаков проблеманы жеринде түшүнөт, бирок аны чечалбайт деп ойлойм. Чечим техникалык жана саясий өңүттө болот. Разаковдо андай кесиптик да, саясий тажрыйба да, ыйгарым укук да жок.

– Жер алмашсак эле маселе чечилеби же анда да элди санаага салган жагдайлар жаралабы?

–  Чегара маселесин чечүүнүн ыкмалары дүйнөлүк практикада көп. Алардын бири жер алмашуу. Ар бир ыкма конкреггүү жер тилкеге байланыштуу болот. Мисалы, Баткендин Көк-Таш айылында жер алмашуу жолу менен маселе чечсе болот деп ойлойм.

– Бирок, айрым эксперттер бул маселени чечүү үчүн тажиктерди көз каранды кылыш керек дешет. Маселе чечилгенче чек араны жабыш керекпи?

– Мен жогоруда компромисстик жолду айттым. Экинчи жол – мамлекеттер ортосундагы чатакташуу, күч колдонуу жолу менен маселе чечүү. Мындан 10 жыл мурда ошондой мүмкүнчүлүк Кыргызстанда бар эле, азыр жок.

– Балким, мындай маселелерди чечиш үчүн ишти жөндөй албаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн да алмаштырыш керектир?

– Албетте аткаруу бийлигинин баардык тепкичтеринде иш билги, жөндөмдүү кадрлар отурмайынча борбордук өкмөт натыйжалуу иштей албайт. Бул аксиома.

– Айрымдар тажиктер менен тен ата сүйлөшкөн губернатор болсо да иш башкача чечилет эле дешет. Ынансак болобу?

–  Убагында Баткенде тең ата суйлөшкөн губернатор да отурган. Чечсе ошондо чечип койбойт беле. Кыскасы, бул пикирди маселени терең түшүнбөгөн адамдар айтып келишет. Мен жогоруда кайсыл бийлик бул маселени чечиш керек экендигине токтолдум. Губернатор ылдый жактагы иштерди аткарышы керек.

– Жарым жылдан бери Өкмөттүн делимитация жана демаркация боюнча өкүлү дайындалбайт. Чек ара мэселеси кайдан чечилет эле, жогору жактын айткандары элди сооротуу үчүн жасалган эле аракет эмеспи?

– Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүл дайындабаганы эле канчалык шалакы мамиленин далили эмеспи. Бийлик 30 жылдан бери Өзбекстан жана Тажикстан менен чегара боюнча элдин оозуна убак-убагы менен упчу салып сооротуп келатат. Ириңдеген жерди эртерээк, кеспесе ал өзү сөзсүз жарылат. Аны дарылоо кымбатка туруп калат.

– Баса,”Ата Мекен” партиясындагы мандаттан баш тарткандардын катарында сиздин да атыңыз айтылып жүрөт го. Партиядан чыга элек белеңиз?

– Менин “Ата Мекенден” чыгып кеткениме төрт жыл болду. Жакында талапкерлердин тизмесинен чыктым. Партиядан чыкканымдын себебин кезегинде коомчулука кеңири маалымат бергенмин. Азыркы интрига менен ишим жок…

Булак: Майдан.kg