Домой Аналитика Тарых музейи 31-августка чейин ачылат

Тарых музейи 31-августка чейин ачылат

172
edf

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөгөн Германиялык компанияга Кыргызстан 200 миңден ашык евро карыз деп билдирди. Анын айтымында, айрым жерлери оңдолгондон кийин музей ушул жылдын 31-августтуна чейин ачылат.

“Германиянын адистеринин акысы аягына чейин төлөнбөй калган экен. 200 миңден ашыгыраак евро. Маселе боюнча президент, өкмөт башчы менен сүйлөшүп, жакында Германиянын адистери менен онлайн жыйын болгон. Электрондук иштетүү жабдыктарынын ачкычы алардын колунда экен. Жакында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай ачабыз деп турабыз”, – деди министр.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону мойнуна алган. Бирок, музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.