Домой Саясат Таластыктарды тукурган Бабанов: “шестеркалыкты” мыкты аткарган Болотканов

Таластыктарды тукурган Бабанов: “шестеркалыкты” мыкты аткарган Болотканов

72

                Bolotkanov-Kubatbek_novyj-razmer

26-октябрда борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде өздөрүн «Таластан келген аксакалдарбыз» деп тааныштырган жарандар маалымат жыйынын өткөрүп, «Президент А. Атамбаев Талас элинин ар-намысына тийди, “Абыке-Көбөштүн тукумдары” деп, кечирим сурашын талап кылабыз» деп чыгышканы маалым болгон. Алардын койгон талабын уккан кыргызстандыктар: “Аксакал деген аксакалдай болуп, жаштарга үлгү көрсөтүшсө, кайра бир ууч топко айтылган сөздү жалпы Талас элине айтылды деп көбүрткөндөргө курал болбой” деп нааразы болушкан.

Көрсө, чындыгында эле ал аксакалдар саясый оюнчулардын колундагы курал болуп калган экен. Бизге жеткен ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда бул аксакалдарды Таластан атайын чогултуп, жол киресин төлөп, Бишкектен мейманканадан орун алып берип, тамак-ашын жайнатып, анан дагы чөнтөктөрүнө “ыраазычылык” акчасын салып берген Ө. Бабановдун “оң колу”, КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Кубат Болотканов болуптур. Кубат мырза негизи жарым-жартылай обончу, жарым-жартылай саясатчы болуп келет. Эч эле толук кандуу бирөө боло албай койду. Президенттик шайлоонун алдында ал Ө. Бабановдун штабынын көшөгө артындагы жетекчиси дагы болду.

Ал эми ошол маалымат жыйыны өткөн жерге журналисттерди топтогон Лейла Акилова аттуу журналист болгону да бат эле ачыкталды. Бул айым Ө. Бабановдун штабында иштейт. Маалымат жыйынына көбүнесе орус тилдүү журналисттер келген. Анан албетте аларга да Лейла айым аркылуу “ыраазычылык” берилгенин кулагыбыз чалды.

Айтор, бир сөз менен айтканда Ө. Бабановго эч нерсе сабак болбойт окшойт деп калдык. Анын ашынган амбициясынын айынан кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй жаралган. Азабын карапайым жарандар тартып атат. Ошол эле учурда ынтымактуу кызматташып келген эки мамлекеттин ынтымагына доо кетти.

man plus power.

Бабанов үчүн бул дагы аздык кылып атканбы, айтор ал эми Кыргызстанды ичинен бөлүп-жарып, башаламандык салгысы келип атыптыр. Ал азыр адегенде Таластын элине атайылап дезинформация жеткирип, “силерди президент ушинтип атса деле унчукпай отура бересиңерби?” деп өзүнүн адамдары аркылуу көкүтүп аткан экен. Анан кантип аны Манас баатырдын тукуму деп айтабыз.