24-июлда КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы социалдык обьектилердин курулуш иштеринин жүрүшү жана учурдагы абалы менен таанышты.
Адегенде Талас облустук ооруканасына, андан соң Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө барды. Бул медициналык мекемелерди кыдыруу учурунда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев эки оорукананын тең учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экендигин билдирди. Ооруканалардын имараттарынын абалынын начардыгынан улам жыл сайын аларды жеңил оңдоодон өткөрүү үчүн 10-15 күнгө жабууга туура келерин жана анын натыйжасында бейтаптардын дарылануусу үзгүлтүккө учурап жатканын кошумчалады.
Премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы типтүү имаратын куруу үчүн долбоордук сметалык документ иштерин иштеп чыгууну, ал үчүн керектүү акча каражатын бөлүүнү министрликке тапшырды. Мындан сырткары Архитектура курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Талас облустук ооруканасын курууга канча каражат кетери тууралуу акт түзүү милдеттендирилди.
Ошол эле күнү өкмөт башчы Талас районунун Жон-Арык айылындагы жана Кара-Буура районунун Каныш-Кыя айылындагы бала бакчалардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан кийин ошол эле Кара-Буура районундагы орто мектептин абалын көрдү. Бул билим берүү мекемелерин кыдыруу учурунда Сооронбай Жээнбеков Өкмөт тарабынан өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра-кайтаруу боюнча алгылыктуу иштер жасалганын билдирди. Ошондой эле билим берүү адамдардын өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп эсептелерин баса белгилеп, Өкмөт билим берүү программаларын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. cheap amitrippline.
«Мамлекет тарабынан социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биз аларды этабы менен өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз», — деди премьер-министр. Аягында тиешелүү мамлекеттик органдарга билим берүү мекемелеринин курулуш иштерин жана бул багыттагы тиешелүү иш чараларды ушул жылдын аягына чейин убагында бүткөрүүнү тапшырды.