Домой Коом Таласта коронавирус жуккан алгачкы бейтап аял киши

Таласта коронавирус жуккан алгачкы бейтап аял киши

286

Талас шаарында коронавирус жуккан алгачкы адам боюнча эпидемияга каршы териштирүү башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, медицина тармагында иштеген аял бул инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды, ал азыр Таластагы облустук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө жатат:

«Азырынча бизде чакан гана маалымат бар. Жаш курагын жеке маалымат болгондуктан айта албайбыз. Аял киши, медицина кызматкери экен. Жакындары үй карантинине алынды. Илдетти каяктан жуктурганы такталып жатат. Жумушунда чогуу иштегендерден ПЧР анализ алынды. Дезинфекция иштери жүрүүдө».