Талас шаарында 2 өспүрүм 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБи билдирип, окуя 17-ноябрда болгонун билдирди.
«18-ноябрь күнү Талас шаарынын 1981-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 17-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 2008-жылы туулган кызын ушул эле шаардын 2003-жылы жана 2004-жылы туулган 2 өспүрүм күч колдонуп зордуктап салганын деп билдирген. Бул арыз Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, 161-берене (зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда аталган факты боюнча соттук экспертизалар даярдалып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.