Домой Коом Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгар деп президент буйрук бергенби?

Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгар деп президент буйрук бергенби?

873

Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгар деп президент буйрук бериптир деген жалган маалымат таркап жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 11-июндагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, инфекция бар үчүн экономиканын артка кеткенине карабай элдин саламаттыгы үчүн чектөөлөр киргизилүүдө.

“Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгарыш керек экен деп урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков тапшырма бериптир деген жалган маалымат таркап жатат. Мен баарына кайрылат элем, кечээ бир учур катталганда канча деген күчтөр тартылды. 212 кишиден анализ алынып чоң чыгымдар кетти, биз мындан качуубуз керек. Баарыбыз Саламаттыкты сактоо министрлиги берген алгоритмди сактап, беткап тагып, санитардык талаптарды аткарганда мындай чыгымдар болбойт эле”, — деди Мураталиев.