Домой Коом Талас облусунда 1200дөн ашык адамдын анализи таза чыкты

Талас облусунда 1200дөн ашык адамдын анализи таза чыкты

103
Талас облусунда 1298 адамдын анализи чыгып келди. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова билдирди.

«Бүгүнкү күндө Талас облусунда коронавирус илдети официалдуу катталган жок. 1298 адамдын ПЦР тести Бишкек шаарынан чыгып келди. Сүйүнүчтүү кабар, баары таза деген жыйынтык болду. Учурда Талас облусунда обсервацияда 10 адам жатат», – деди ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 16-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирген.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында жана Ош, Нарын облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 466 адамга жетти. Ошондой эле акыркы суткада 13 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 5;

– Нарын облусунда 11;

– Ош облусунда 1.