Домой Саясат Талант Узакбаев Президенттике талапкерлигин коет

Талант Узакбаев Президенттике талапкерлигин коет

630

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Талант Узакбаев Президенттике талапкерлигин кое турган болду. Бул тууралуу чечимин социалдык баракчасына төмөнкүдөй жазды:

-Урматтуу мекендештер!Саясат айдынында, ары карап, бери карап көрүп мен дагы президенттикке өзүмдүн талапкерлигимди коюну чечтим. Буга чейин мамлекеттик кызматтардын бир топ тепкичин басып өткөн инсан катары, бизнес айдынында иш жүргүзгө н адам катары жана турмуштан бай тажрыйба топтогон адис катары, мен эл үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн, президент катары көптөгөн маселелерди чечем деген тереӊ ишеничтемин. Буга түрткү берген — бул бүгүнкү күндөгү саясий, экономикалык, социалдык жана көптөгөн башка көйгөйлөр болууда. Мындай ахыбалда жоопкерчиликти моюнга алып, элим-жерим, мамлекетим үчүн иштейин деген чечимге келдим. Көйгөйлөрдү кантип чечүү жолдору, келечекте менин программамда так жана толук чагылдырылат.Сиздерди урматтоом менен Т.Узакбаев.

Өмүр баяны:

Узакбаев Талантбек Макишович 1960-жылы 27-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган.
Билими жогорку.
1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун “Ветеринария” факультетин аяктаган.

1978-1980 жылдары Советтик аскер катарында кызмат өтөгөн.
1977-жылы Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Барскоон” совхозуна жумушчу болуп иштеп баштаган.
Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1985-1986 жылы Жети-Өгүз районундагы Шевченко колхозунда ветеринар даарыгер болуп эмгектенген.
1986-1988 жылдары Ак-Суу районунда жайгашкан “Тургень” совхозунда ветеринар даарыгер, 1988-1991 жылдар аралыгында “Тургень” сүт товар фермасынын башчысы болуп эмгектенген.
1991-2003 жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Бата” Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору болуп иштеген.
1993-2000 “Махмуд кашкари” СПнын Президенти болуп Бишкек шаарында иштеген.
2000-2003 “Бугу” Жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Каракол шаары.
2003-2005 жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы адиси болуп иштеген.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Башкы ветеринар инспектору болуп дайындалган.
2005-2006 жылдары КМЫ мамлекеттеринин ветеринария тармагындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык Кеңештин төрагасы болуп иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айыл суу чарба жана кайра иштетүү министри болуп дайындалган.
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин А.Дүйшеев атындагы ветеринария институтунун улук илимий кызматкери, Илимий кеңештин мүчөсүндө турат.
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңешинин V-чакырымына депутаты.

2019-жылдан тарта Ветеринария кызматтын Түндүк региону боюнча ветеринардык-диагностикалык борбордун жетекчиси:

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги”, Ветеринарияя илимдеринин кандидаты.