Домой Коом Тактоо

Тактоо

19

2017-жылдын 31-майында «Чагылган кж» маалымат агенттиги Балыкчы шаарындагы окурмандардан келген маалыматка таянып: «Балыкчыда баланын башын жулуп алды деген акушерка Тилек Айдаралиева дейт, жабыр тарткан келиндин аты Чолпон» деген куш тилиндей кабар жарыялаган. Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратып, өз кезегинде Айдаралиеванын кайрылуусу менен сот иштери да болгон. Сот ишине “Чагылган кж” маалымат агенттигинин редактору катышкан. Арыз жазган тарап келген эмес. Жыйынтыгында, судья айымдын (азыр аты эсибизде жок) чечими менен аталган маалымат агенттиги Айдаралиева боюнча жазылган маалыматты төгүнгө чыгарып, коомчулукка жарыялаган. Арыз жазган айымдын талабын дагы бир ирет эске алып: Айдаралиева Тилекбүбү Кадырбековна Балыкчы шаарын аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүн башчысы болуп эмгектенген жана 2016-жылдын 30-декабрында Мусаева Чолпон аттуу келинди төрөткөн эместигин билдиребиз. Ал маалымат буга чейин да тактоо иреттинде жазылганын эсиңиздерге салабыз. Маалымат үчүн: акыркы мезгилдерде “Чагылган кж” маалымат агенттиги өз ишмердүүлүгүн токтотуп турат.