1612 prednisone 10 mg for dogs.
«Шоро» компаниясынын баш кеңсесине маркум ишкер Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели орнотулду. 27-июлда анын ачылышы болуп, иш чарага Табылды Эгембердиевдин санаалаштары, шаар бийлигинин өкүлдөрү катышышты. Стелланын башына ишкердин апасынын жарма кайнатып жаткан сүрөтүн коюп, аны 3 дөӊгөлөктүү мотоцикли менен базарга ташып баратканын, кичинекей бизнес ири бизнеске айланганын жана ошол бизнесин дүйнө жүзүнө таратам дегендей кол жаӊсаган Табылды Эгембердиевдин айкели орнотулган. «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал 1992-жылы иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган «Шоро» компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып улуттук колоритте»Супара», «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекстерин түптөгөн.