Губернатордун аппарат башчысы суроо узатып жатат:
— Урматтуу Таалайбек Сарыбашович, сиз жетектеген облустун эли ичерге суусу жок калды.
— Демек, сууну мурдагыдан эки эсе аз ичишет.
— Азык-түлүккө баалар бизде эки эсе кымбаттап кетти.
— Демек, мурдагыдан эки эсе аз жеп, дени сак жана сымбаттуу болушат.
— Анда сиз убада берген жеңилдиктер кайда калат?
— Баса, эми силер эки эсе жеңилденесиңер,- деген экен кайран Такең.