Домой Аналитика Т. Бөлтүрүк: Кыргызстан «Кумтөрдүн» толук кандуу ээси боло алат

Т. Бөлтүрүк: Кыргызстан «Кумтөрдүн» толук кандуу ээси боло алат

587

«Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» алтын кенинин убактылуу сырттан башкаруучусу болуп дайындалды.

Буга чейин Жогорку Кеӊеш кезексиз жыйынында «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иликтөө жыйынтыгын талкуулап, убактылуу тышкы башкарууну киргизген. Ошондой эле «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы эске алынып, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Би-Би-Си Тенгиз Бөлтүрүк мырзаны маекке тартып, «Кумтөр» ишканасына байланыштуу суроолорду жолдоду.

Т. Бөлтүрүк: «Кумтор Голд Компани» (КГК) боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнүн бир эле максаты болгон. Тагыраак айтканда компания улуттук мыйзамдарды так сактап, өз милдеттенмелерин аткарып жатабы же жокпу дегенди текшерүү эле. Текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болоорун биз алдын ала билгенбиз.

Бир нече жылдан бери инвестор Кыргызстандын мыйзамдарын эске албай, системалык түрдө бузуп келгендиги тууралуу биз өз пикирибизде жүйөөлүү дооматтарды тактап, компанияга жөнөткөнбүз.

Биз албетте КГКдагы мыйзамсыз иштердин масштабын, Кумтөрдү чет өлкөлүк инвестор иштетип жатканын эске алып, юристтер менен консультация дагы жүргүзүп жаттык. Алар бизге бул сыяктуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча кеңештерин берип жатты. Биз бул ишти сүйлөшүү менен чечебиз деп үмүт кылганбыз, бирок, ошол эле учурда биз бул иш кандай нукка бурулса да даярбыз. Өзүңүздөр билгендей, учурда бул иште Кыргызстандын кызыкчылыгын дүйнөлүк аброю бар эки юридикалык компания коргоп жатат.

Убактылуу башкаруу ким тарабынан киргизилет жана толук киргизилдиби?

17-май күнү «Кумтор Голд Компани» боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү депутаттарга отчет берип, аткарылган иштин жыйынтыгын тааныштырды. Анда соңку он жыл ичиндеги аныкталган бардык эреже бузуулар, эксперттердин корутундулары баяндалган. Санаага сала турган жыйынтыктар чыкты. «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын табиятына оңбогондой сокку уруп, бир катар салыктардан качкан.

Ушунун негизинде мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кыргызстанда 1992-жылы чыккан «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиалык ишканалар» жөнүндөгү мыйзамдын 22-беренесине таянып, КГКга сырттан мамлекеттик башкарууну киргизүү сунушун берди. Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынтыктарды угуп, отчет менен танышкан соң мамлекеттик комиссиянын сунушун негиздүү деп министрлер кабинетине «Кумтөр Голд Компаниге» сырттан башкарууну киргизүүнү тапшырды. Ошол эле күнү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун «Кумтөр Голд Компаниге» мени убактылуу башкаруучу кылып дайындоо жөнүндө буйругу чыкты.

Кенди иштеткен компания «Кумтөргө» ээлик кылууну токтотконун, эми коопсуздук маселесинен баштап ал жердеги операцияларга жооп бербей турганын билдирди. Ушунун өзү «биз иштеп турганда бары жайында болчу, кийин өздөрү ишти улантып, ушундай кылып салды» дегенге шарт түзүп койбойбу?

Бизде кенди иштеткен КГКнын ишмердүүлүгүн текшерген учурдагы бир топ эксперттердин чыгарган бүтүмдөрү бар. Мындан сырткары, бир күндө эле эмес, узак жылдар бою бузуулар жана көйгөйлөр топтолуп келгенин бул маселени түшүнгөн адистер да айтып бере алат. Азыр биздин алдыбызда бузууларды жоюп, кендеги жумушту эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү тапшырмасы турат. Тилекке каршы мындай аракет эбактан бери болгон эмес. Кыргызстандын бийлиги «Кумтөр Голд Компанинин» ишине жоопкерчилик алуудан коркпойт. Биз өз күчүбүзгө ишенебиз. Бизде тоо кен тармагы боюнча жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистерибиз бар. Алар канадалык инвестор жасай албаганды орундата алышат.

Биздин иш аракетибиз «Центерра Голд Инктин» топ-менеджментинин ишинен кескин айырмаланат. Алар «Кумтөр» кенине жырткычтай эле мамиле кылышкан. Эң башкысы мүмкүн болушунча «сыгып» алуу болгон. Кумтөр биз үчүн улуттук байлык жана дөөлөт. «Кумтөр» кенин канадалык инвесторлор менен же өз алдыбызча иштетүү ниетибиз бар. Биз улуттук мыйзамдарды унутта калтырып, байлык үчүн экологияны талкалоого эч кимге жол бербейбиз.

Канаданын айрым министрлери бул ишке кабатыр экенин билдирди. Алардын сиздер айтып жаткан өтө одоно мыйзам бузуулар тууралуу маалыматы бар деп ойлойсузбу?

Алардын «Кумтөр» кениндеги чыныгы абалдан кабары бар же жок экенин билбейм. Мен «Центерра Голд Инктин» жетекчилиги бир нече жолу Кыргызстандын калкын билип туруп жаңылыштырып келгендей эле, аларды да чаташтырып жатат деп болжоп турам. Бирок мамлекеттик комиссиянын жыйынтыктарын жарыялады. Дүйнө коомчулугу аны менен таанышып, Кыргызстан «Центерра Голд Инкке» фактыларга таянып доо коюп жатканын түшүнсө болот.

Дүйнөлүк практикада же сиздин тажрыйбада «Кумтөргө» окшош фактылар барбы? Болсо андай талаштар эмне менен аяктаган?

Дүйнөлүк практикада бул боюнча жетиштүү мисалдар бар. Компанияларга миллиондоп доо коюшат. Алар аны аткарып, бузууларды калыбына келтиришет. Ушул жылдын январь айында эле АКШнын прокуратурасы автомобиль өндүрүү боюнча дүйнөлүк аброю бар «Тоyota» компаниясы таза аба боюнча мыйзамды бузду деп 180 миллион доллар айып салды. Бул чечим эч кандай күмөн жараткан жок. Мен Кыргызстан дагы ушундай талапты коюуга толук укугу бар деп эсептейм.

Мындан ары Кыргызстан өзү каза баштаса алынган алтынга ким, кантип ээлик кылат?

Бир нече вариант бар. «Центерра Голд Инк» компаниясында Кыргызстандын 26 пайыз акциясынан сырткары башка акционерлери дагы бар. Эгерде кенди ишетүүнүн топ-менеджментин толугу менен алмаштырган шартта гана «Центерра Голд Инк» уланта турган болсо, биз үлүштү көбөйтүү ниетибиз бар. Биздин талаптар 80% киреше «Кумтөр» кенинен алынат делген «Центерранын» өзүнүн отчеттеруна негизделген.

Мындай болгон шартта, Кыргызстандын үлүшү адилетсиз төмөндөтүлгөн деп эсептейбиз. Башка вариант дагы бар. Кыргызстан «Кумтөрдүн» толук кандуу ээси боло алат. Кандай болгон күндө дагы Кыргызстандын Кумтөрдөн алган кирешеси элге тиешелүү. Демек, ал өлкөнү казынасына түшүп, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жумшалышы керек.

Акциялар абдан арзандап жатат. Кыргызстанга мындан кандай пайда же кандай зыян тиет?

Фондулук биржа кандай гана өзгөрүү болбосун «сезимтал» келет. «Центерра Голд Инктин» жетекчилиги тарабынан туура эмес иштер болгону алгач белгилүү болгон соң, рынок ошого жараша реакция кылганы түшүнүктүү. Бирок бүгүнкү күндөн тарта акциялар көтөрүлө баштаганын көрүп жатабыз. Торонтодогу Фондулук биржадагы сооданын жыйынтыгы менен баалуу кагаздар жогорулай баштады (+0.23%).

"Центерранын" акциялары арзандады. 7-майда "Центерра Голддун" акциялары 30% төмөндөдү.  10-майда алынган маалымат.

Туура эмес иштерге чекит коюлуп, кендеги иш кадыресе нукка түшкөндө акциялардын баасы турукташат деп ойлойм. «Центерра Голд Компаниде» Кыргызстандын мурдагыдай эле 26 пайыз акциясы бар. Азырынча акцияларды сатуу жөнүндө сөз жок.

bbc.com