Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев бизнес өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.
Ал бизнесте бут тосууга учурагандарга жардам берерин айтты.
«Көптөгөн чоң компанияларга бир кана салыкты так жана толук төлөнүп турса, экономикага чоң жардам болот. Мамлекеттик кызматкерлер жана башкалар бизнеске жолтоо кылса айтышсын. Финполициянын эң негизги багыттарынын бири же максаты бул бизнести коргоп берүү», — деп билдирди ал.